Бишкекте 9-майга карата парад болбойт, бирок митинг-реквием өтөт

Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад болбойт. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алардын маалыматына ылайык, калаанын Жеңиш (Өчпөс от) аянтында митинг-реквием өтөт. Ага согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, ошондой эле шаар тургундары менен коноктору катышат.

«Ошондой эле гүлчамбар коюу аземи, аскердик каша жана “Өлбөс полктун” жүрүшү өтөт», — деп билдиришти Коргоо министрлигинен.

Бийлик 2021-жылы дагы Жеңиш күнүнө карата пандемиядан улам парад өткөрбөөнү чечкен.