Баткен: Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште «Сары Өзөн» командасы жеңди


Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште «Сары-Өзөн» командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу «Клоопко» Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Улукбек Өмүрбеков билдирди.

Баткен облусунун Халмион айылында өткөн финалдык беттеште Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай, буллитте Чүйдүн оюнчулары алдыга чыгып, 2:1 эсеби менен жеңишти камсыз кылышкан.

Оюндун жыйынтыгында төмөнкү командаларга байге берилди:

1-орунду камсыз кылган «Сары-Өзөн» командасына — 1 000 000 сом;

2-орун менен «Ынтымак» командасына — 500 000 сом;

3-орун «Достук» командасына — 250 000 сом;

4-орун «Ала-Тоо» командасына — 125 000 сом;

5-орун «Бакыбат-Талас» командасына — 70 000 сом;

6-орун «Мурас» командасына — 50 000 сом.

Улуттук ат оюндары жана көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Баткен облусунун Кадамжай районунда өттү. Мелдеш 1-майда Халмион айылындагы ат майданда башталган. Оюндар үч лигада болуп, байге фонду 3,5 млн сомду түзгөн.

Жарышка өлкө боюнча 26 команда катышып, оюн 9-май Улуу жеңиш күнүн утурлай, ошондой эле актёр Сүймөнкул Чокморовдун, каскадёр, режиссер Үсөн Кудайбергеновдун жана түштүк аймактагы белгилүү ишкер Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналып өткөрүлдү.

Аны менен катар, ат оюндарын өткөрүүгө райондон беш гектар жер бөлүнүп берилип, 40 боз үй тигилген.

Сүрөттөрдүн авторлору: Данияр Мелисбеков, Акмарал Мамасалиева