Баткенде улуттук ат оюндары жана көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат

Сүрөт: Turmush

Улуттук ат оюндары жана көк бөрү боюнча республикалык турнир быйыл Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүүдө. Мелдеш 1-майда Халмион айылындагы ат майданда башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Улукбек Өмүрбеков билдирди.

Өмүрбеков өлкө боюнча 26 команда катышып жаткан мелдеш 9-май Улуу жеңиш күнүн утурлай, ошондой эле актёр Сүймөнкул Чокморовдун, каскадёр, режиссер Үсөн Кудайбергеновдун жана түштүк аймактагы белгилүү ишкер Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналып өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Аны менен катар, ал ат оюндарын өткөрүүгө райондон беш гектар жер бөлүнүп берилгенин, улуттук тамак-аш бышырылып, 40 боз үй тигилгенин кошумчалады.

Майрамды утурлай улуттук оюндардын беш түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, Салбуурун уюштурулат. Финалдык оюндар 9-май күнү болот. Мелдештин байге фонду 3,5 млн сом.

Коргоо министрлиги 14-апрелде быйыл Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парад болбой турганын билдирген. «Жеңиш» аянтында митинг-реквием гана өтөт. Ага согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору катышат.