Эрбол Султанбаев депуттарды коңшу мамлекеттерге сын-пикир айтууда этият болууга чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев парламент депутаттарын «коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтарда этият болууга» чакырды. Ал мындай билдирүүнү депутаттардын айрымдары кыргыз-казак чек арасында тыгындар пайда болуп жаткандыктан коңшу өлкөгө суу берүүнү жабууну сунушташкандан кийин жасады.

«Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз», — деди ал.

Султанбаев Кыргызстан «бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен гана чечет» деп белгиледи. Султанбаевдин эскертүүсү депутаттардын 2022-жылдын 11-майда айткан сөздөрүнө реакция болду.

Марлен Маматалиев жана Арслан Малиев.

Ал күнү парламенттин отурумунда депутаттар «Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Жыйында депутат Марлен Маматалиев конвенцияга кошулуу Кыргызстандын жүк ташуу маселесин чечпейт деп билдирген.

«Казакстан БДСУнун ЕАЭБдин алкагында накладнойлорду албай жатат. Аларды электрондук кылсак деле алышпайт. Биз жүз жолу кабыл алып бергенибиз менен тигил жакта иштебей жатпайбы. Казакстан азыркы учурда ЕАЭБдин алкагында такыр текшербеш керек эле. […] Эгерде ЕАЭБдин алкагында болгондо алар өз чечимин чыгарып беришкен. Орусия тарап да тоспогула деп айткан. Бирок тилекке каршы мына бүгүн көрүп жатабыз. Ар кандай тоскоолдуктарды коюп жатышат», — деген Маматалиев.

Депутат Казакстандын «саясаты башка», ал Кытайдан чыккан жүк агымын өз аймагы аркылуу өткөргүсү келет деп болжогон.

«Сууну бербегиле, жапкыла. Катуу айтып койдум, бирок айла жок», — деп сунуштаган депутат.

Бул маселеде кесиптешин депутат Арсланбек Малиев колдоп, Кыргызстан Казакстандын сугат жерлерине суу бериш үчүн сууну үнөмдөп жатат деп белгилеген.

«Сууну жаап таштагыла, бүттү маселе чечилет. Токмокко чейин кезекте турган унаалардын баары кетет», — деп билдирген ал.

Чек арадагы тыгындар

Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларындагы көзөмөл өткөрмө пункттарында маал-маалы менен тыгындар жаралып турат. Акыркы жолу тыгын үстүбүздөгү жылдын апрелинин аягында болгон. Анда көзөмөл- өткөрмө жайында 250дөн ашуун фура чогулуп калган болчу.

Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада фуралар казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калганын билдирген.

Көп өтпөй эки өлкөнүн бийлиги тыгынга көңүл буруп, жүк ташуучу унаалардын чек арадан эркин өткөрүүнү макулдашышкан.

Бирок 6-майда Казакстандын Каржы министрлиги өлкө Кыргызстан менен чектешкен чек арасында аткезчилик учурлары көбөйгөндүктөн көзөмөлдү күчөтөрүн билдирген.

Андан кийин Кыргызстандын Министрлер кабинети Казакстан менен чек арадагы «көмүскө» схемаларды жоюуга бардык күч-аракет жумшаларын убада кылышкан.