Казакстан аткезчилик көбөйгөндүктөн Кыргызстан менен чектеш чек арасында көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан Кыргызстан менен чектешкен чек арасында аткезчилик учурлары көбөйгөндүктөн көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын апрелинде транзиттик товар Казакстанда калган майнинг жабдууларынын 6 жалган транзити катталган. Ведомстводон бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине зыян келтирип жатат деп билдиришти.

«Көзөмөл жеңилдетилгенден бери Кыргызстандан майнинг жабдыктары менен электрондук чылымдарды ташуу көбөйдү. Алар документ боюнча Казакстан аркылуу Орусияга өтүшү керек болчу», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен аткез товарларды Кыргызстандан Казакстанга «тышкы экономикалык ишмердиктин абийирсиз катышуучулары» ташып жатканын белгилешти. Алар бул максатта көмүскө схемалар колдонулуп жатканын кошумчалашты.

«28-апрелде Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унааны текшергенде Беларустун 1,1 млн жасалма акциздик маркасы табылган. Жүк ташуучу унаадан 20 миңден ашуун катталбаган товар аныкталган», — деп билдиришти ведомстводон.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын

Апрелдин соңунда Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы төрт көзөмөл-өткөрмө жайында (КӨЖ) кайрадан оор жүк унаалардын тыгыны жаралганын маалымдаган.

Анда бул КӨЖдөрдө жалпы 250дөн ашык фура турганы айтылган. Ведомстводон чек арада фуралар казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калганын билдиришкен.

Көп өтпөй эки өлкөнүн бийлиги тыгынга көңүл буруп, жүк ташуучу унаалардын чек арадан эркин өткөрүүнү макулдашышкан.