Бир кадр менен: Садыр Жапаров Москвага келди

Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага ке Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, өлкө башчысынын учагы «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду.

Басма сөз кызматтан маалымдашкандай, 16-майда ЖККУга мүчө мамлекеттердин «юбилейлик» жыйыны өтөт. Бул иш-чара, администрациядан белгилешкендей, Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына, ал эми ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.

Президент Садыр Жапаровду кандай тосуп алышканы белгисиз, себеби өлкө башчысынын басма сөз кызматы жолугушуу аземинен сүрөттөрдү жарыялаган жок.

Бул президенттин Москвага болгон экинчи сапары. Президент Орусияга биринчи жолу иш-сапары менен 2021-жылдын февралында барган. Анда Жапаров орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус мамилесин талкуулаган.