Путин жана мекендештер менен жолугушуу — Жапаровдун Москвага болгон алгачкы сапары кандай өттү?

Садыр Жапаров Орусияга болгон алгачкы эл аралык сапарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 26-февралда билдирди.

Жапаров 24-25-февраль күндөрү Москвада болуп, биринчи эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус мамилелерин талкуулады.

Путин менен жолугушуудан кийин Жапаров Москвада жашаган мекендештер менен жолугушту. Алар менен президент Жогорку Кеңешке шайлоону, чет элдеги кыргызстандыктарды колдоо жана Кыргызстанда алар үчүн жумуш орундарын түзүү маселеси боюнча пикир алышты.

Ошол эле күнү Жапаров бир гана Путин эмес, Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукканга үлгүрду. Минниханов менен кыргыз-татар мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Сапардын экинчи күнүндө Жапаров кыргыз өкмөтүнүн делегаттары менен бирге орус парламентинин спикери Вячеслав Володин жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Володин менен Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын парламенттер аралык мамилелерин талкуулады. Володин дагы Путинди улай Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы сакталып турганы үчүн Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.

Жапаровдун Москвадагы акыркы жолугушуусу Орусиянын ишкерлер коомчулугу менен өттү. Бул жолугушууда президент орусиялык инвесторлорго Кыргызстан жеңилдиктерди берерин, инвестицияларды коргоп, долбоорлорду ишке ашырууга сапаттуу жол ачып берерин айтып берди. Ошондой эле, Жапаров «Кыргызстан белгиленген бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин» кошумчалады.

Иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусия бир катар макулдашууларга кол коюшту:

  • Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркирлөө тутумун түзүү максатында РФ тарабынан КРга кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Эки өлкөнүн Коргоо министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жаатындагы протокол;
  • Коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосунда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргызстан менен Орусиянын аскердик чөйрөдө стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;