Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовго арналган мурал пайда болду

Бишкекте актриса Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн мурал пайда болду.

Сүрөт: Kaktus Media.

Алар Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде тартылган Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма» тасмасында башкы ролду ойношкон. Kaktus.Media басылмасынын маалыматына ылайык, мурал Jubilee камсыздандыруу компаниясынын каражатына жасалган.

«Таланттуу актёрдон тышкары, Турсунбаева кыргыз киносунун табериги катары саналат. […] Бул муралдын урааны — “Эң баалуу нерсени сактайбыз”. Башкача айтканда, бул образдарды медер тутуу менен Кыргызстандын маданиятын сактайбыз», — деп билдиришти компаниядан.

Компаниядан муралды KYZart group тобунун сүрөтчү кыздары тартканын кошумчалашты. Мурал Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын дубалына тартылган.

Тема боюнча окуңуз: Бир кадр менен: Бишкекте Айсулуу Тыныбековага арналган мурал пайда болду

КММАнын имаратында медиктерге жана Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду