Кыргызстанга инсулин июндан тартып келери айтылды

Буга чейин кант диабети менен ооругандар өлкөдө инсулин калбай калганына даттанышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги муну заводдун инсулин жеткирүү мөөнөтү узарып, ошондой эле февраль айында инсулинди сатып алуу боюнча тендер үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү.

Эндокринология борборунун башкы дарыгери жана Саламаттык сактоо министрлигинин башкы эндокринологу Наталья Добрынина препарат жакында келип түшөрүн, инсулин «акырындык менен келе баштаганын» билдирди.

«Майдын аягына чейин инсулин жана актрапиддин аналогдорунун картридждик формасы келет, инсулиндин башка түрлөрү качан келери такталып жатат. Флакондордун негизги партиясы 7-июлда келет. 8-июндан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан гуманитардык жардам — протофан жана актрапид келет», — деди ал 24.kg басылмасына.

Анын айтымында, азырынча өтө чоң доза алган биринчи жана экинчи типтеги кант диабети бар бейтаптар үчүн гана инсулин калды.

«Убактылуу таблеткаларга өтсө боло турган башка бейтаптар үчүн дарыгерлер тиешелүү препараттарды тандап беришет», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда инсулиндин таңкыстыгы пайда болушу мүмкүн экени апрель айынын аягында эле айтыла баштаган. Анда депутат Дастан Бекешев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдон дарыканалар менен сүйлөшүп, кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин алып келүүнү суранган.

«Инсулин сатып алууда “кант диабети жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу керек, анда мамлекеттик резервде инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Тилекке каршы мыйзамдын бул нормасы аткарылбайт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдык запасты кармап туруу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөм» , — деген ал.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январына карата кант диабети менен ооруган 62 878 бейтап катталган. Алардын ичинен биринчи типтегилердин саны 2499 адамды түзөт. Ооругандардын саны жылдан жылга өсүп жатат.

Инсулин менен глюкоза (же эларасында айтылгандай, кант) — организм иштеп чыгуучу эки зат, алар бири-бирин тең салмакта кармап турат. Инсулин кандагы азыктандыруучу глюкозаны клеткаларга жеткирет. Кант диабети менен ооруган бейтаптарга инсулин гормону керектелет, антпесе тамак сиңире албай калат.

Кант диабетинин биринчи түрү менен ооругандарга биринчи күндөн тартып инсулин сайылышы керек, анткени уйку без аны иштеп чыга албай калат. Экинчи типтеги кант диабетинде болсо, адамда белгилүү бир убакытка чейин инсулин иштелип чыгат, бирок организмдин клеткалары бара бара аны тоготпой баштайт.

Тема боюнча: Аары эне. Ишкер айым Бишкекте диабет менен ооруган балдар үчүн биринчи бала бакча ачты