19-май күнү Ош шаарынын 30дай тургуну таза суу көйгөйү боюнча тынчтык митингине чыгышты. «Миллиондор кайда кетти?», «Укугубузду тебелеп жатат» деген плакаттарды көтөргөн митингдин катышуучулары «бийлик таза суу маселеси боюнча долбоорду ушул жылы колдоого алсын» деген талап коюшту.
Жарандык активист Мирлан Орозбаев «Миллиондогон акчалар жеке чөнтөктөргө кетип, жыйынтыгында жарым миллион эл таза суу иче албай отурат. Мында биз жергиликтүү эл бийлик менен биригип, Бишкектен бербей жаткан акчаларды алып, таза суу чыгарып алалы деген ой менен бул жерге келип отурабыз» деди.
Ошондой эле митингге чогулгандар «бийлик алмашкандан кийин да суу маселеси чечилбей келет» президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылышты.
«Биз журналисттерди жана активисттерди суу боюнча кайсы тендер жарыяланганын, кандай долбоорлор ишке ашырылганын текшерүүгө чакырабыз. Анда биз кайсы мэр таза иштеп, кайсынысы таза иштебегенин аныктайбыз. Суу эмне үчүн мындай абалда экенин текшеришибиз керек», — дейт митингдин катышуучусу Анарбек Исхаков.
Тынчтык митингине келген тургундарга вице-мэр Сонунбек Жунусбаев таза суу боюнча калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов болуп турганда түзүлгөн долбоорду* тааныштырды.
*Аталган долбоорго Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгон. Каражаттын 500 миң доллары бөлүнүп, суу тазалоочу жайга хлорат жабдыгы алынган. Сарыбашов долбоорду аягына чыгара электе кызматынан кеткен. Анын тушунда башталган долбоорду учурдагы мэр Алмаз Мамбетов ишке ашырууда.
«Азыр финалдык этапка келип калдык. Экологдордун чечими калды. Алар июнь ичи бүтүрүп беребиз деп жатышат. Курулуш иштерин август айында баштайбыз», — дейт Жунусбаев.
Митингге эколог, шаардык кеңештин депутаты Абжапар Аккулов да келип, долбоор боюнча мэрия тургундардын, адистердин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунушуп эске алышы керектигин айтты.
«Көз карандысыз экологиялык адистер бул долбоорго түздөн-түз аралашышы керек. Себеби буга чейин канчалаган мамлекеттик экологиялык кызматтар эмне үчүн лицензия, корутунду беришкен? Кана ошолордун пайдасы, натыйжасы? Азыр түтүктү жөн эле жердин үстүнөн тартабыз дегени туура эмес. Жергиликтүү калктын, тийешелүү адистердин пикирин угуу менен ишке ашышы керек. Биз тендер жарыяланганга чейин сунуш беребиз» — деди Аккулов.
Андан соң вице-мэр таза суу боюнча долбоорду ишке ашырууда атайын адистердин жана шаар тургундарынын сунуштары эске алат деп убада кылды.
3 млн доллар сарпталчу долбоор
Буга чейин, 12-майда Ош шаардык мэриясы журналисттер жана активисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, Ак-Буура дарыясынын башына алып барган. Анда вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жаан жааган сайын өчкөн таза суу маселесин чечүү боюнча долбоор менен тааныштырган.
Калаанын жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.
Жунусбаевдин айтымында, суу көйгөйүнүн негизги себептеринин бири — Ак-Буура дарыясынын үстү жагында жайгашкан кум карьерлери. Жаан жааган сайын аталган карьерден түшкөн ылайка суу дарыяга кошулуп булганат.
Мындан улам мэрия суу алынчу плотинаны дарыянын баш жагына жылдырууну пландап жатат. Ал үчүн 2 км 400 метрлик түтүк жердин үстү менен тартылып келинет.
Бирок вице-мэр «долбоор ишке ашкан учурда да маселе 100%га чечилбейт» дейт. Ал буга суу кээде башка себептерден улам булганарын жүйөө келтирди. Тиешелүү процедуралар аяктаса, тендер ушул жылдын август айында жарыяланат деп божомолдонууда. Жунусбаев кум карьерлеринин ишмердиги боюнча атайын органдарга кайрылуу жолдонгонун, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Ишке ашпай калган долбоорлор
Жунусбаев буга чейин көйгөйдү чечүүгө багытталып бирок ишке ашпай калган эки долбоор боюнча да түшүндүрмө берген. Ал эки учурда тең изилдөөчүлөр туура эмес сунуш бергендиктен долбоорлор ийгиликсиз болгонун айткан.
Биринчи долбоор «Подрусловый водовод» деп аталып, 2010-жылы бүткөн. Анда дарыянын 2 метр тереңдиктеги түбүнө тешик түтүктөр коюлган. Долбоор боюнча түтүктөрдүн үстүнө таш тизилип, суу ылайкаланганда таштын ичинде калып, таза суу чыгат деп божомолдонгон. Ага жергиликтүү бийликтен 22 млн сом сарпталганы менен күткөн натыйжаны берген эмес. Жунусбаев ылай катуу болуп, түтүктүн тешиктерин жаап калган деп түшүндүргөн.
Экинчи долбоор «Инфильтрациялык галерея» деп аталган. Инфильтрациялык галерея — дарыянын өзөнүнө орнотулуучу суу бөлүштүрүүчү жай. Ал жер алдынан тазаланган сууну дарыянын жогору бөлүгүнөн өткөрөт. Ал Азия өнүктүрүү банкынын «Шашылыш жардам» долбоорунун алкагында курулган.
Долбоор боюнча секундасына 0,8 метр куб суу алуу пландалган. Бирок натыйжада секундуна 0,2 метр куб гана суу алууга мүмкүн болгон.
Жунусбаев мэрия азыркы долбоордо ийгиликсиз иштердин каталарын «эске алды» деп ишендирген. Анын айтымында, учурда долбоордун үстүнөн «Мусай» долбоорлоочу институту иштеп жатат.