Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев долбоор менен тааныштырып жатат. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ош шаардык мэриясы 12-майда журналисттер жана активисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, Ак-Буура дарыясынын башына алып барды. Анда вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жаан жааган сайын өчкөн таза суу маселесин чечүү боюнча долбоор менен тааныштырды.

Калаанын жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.

Көйгөйдүн себеби, мэриянын долбоору

Жунусбаевдин айтымында, суу көйгөйүнүн негизги себептеринин бири — Ак-Буура дарыясынын үстү жагында жайгашкан кум карьерлери. Жаан жааган сайын аталган карьерден түшкөн ылайка суу дарыяга кошулуп булганат.

Мындан улам мэрия суу алынчу плотинаны дарыянын баш жагына жылдырууну пландап жатат. Ал үчүн 2 км 400 метрлик түтүк жердин үстү менен тартылып келинет. Бул иштер үчүн Азия өнүктүрүү банкы 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон.

Бирок вице-мэр «долбоор ишке ашкан учурда да маселе 100%га чечилбейт» дейт. Ал буга суу кээде башка себептерден улам булганарын жүйөө келтирди.

«Ош шаарында жылына 30 жолу суу өчсө, 25 жолкусуна карьерлер себепчи. Ушул долбоор менен жок дегенде 25 жолу суу өчүүдөн кутулабыз», — дейт ал.

Тиешелүү процедуралар аяктаса, тендер ушул жылдын август айында жарыяланат деп божомолдонууда.

Жунусбаев кум карьерлеринин ишмердиги боюнча атайын органдарга кайрылуу жолдонгонун, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Ишке ашпай калган долбоорлор

Жунусбаев буга чейин көйгөйдү чечүүгө багытталып бирок ишке ашпай калган эки долбоор боюнча да түшүндүрмө берди. Ал эки учурда тең изилдөөчүлөр туура эмес сунуш бергендиктен долбоорлор ийгиликсиз болгон дейт.

Биринчи долбоор «Подрусловый водовод» деп аталып, 2010-жылы бүткөн. Анда дарыянын 2 метр тереңдиктеги түбүнө тешик түтүктөр коюлган. Долбоор боюнча түтүктөрдүн үстүнө таш тизилип, суу ылайкаланганда таштын ичинде калып, таза суу чыгат деп божомолдонгон. Ага жергиликтүү бийликтен 22 млн сом сарпталганы менен күткөн натыйжаны берген эмес. Жунусбаев ылай катуу болуп, түтүктүн тешиктерин жаап калган деп түшүндүрдү.

Экинчи долбоор «Инфильтрациялык галерея» деп аталган. Инфильтрациялык галерея — дарыянын өзөнүнө орнотулуучу суу бөлүштүрүүчү жай. Ал жер алдынан тазаланган сууну дарыянын жогору бөлүгүнөн өткөрөт. Ал Азия өнүктүрүү банкынын «Шашылыш жардам» долбоорунун алкагында курулган.

Долбоор боюнча секундасына 0,8 метр куб суу алуу пландалган. Бирок натыйжада секундуна 0,2 метр куб гана суу алууга мүмкүн болгон.

Жунусбаев мэрия азыркы долбоордо ийгиликсиз иштердин каталарын «эске алды» деп ишендирди. Анын айтымында, учурда долбоордун үстүнөн «Мусай» долбоорлоочу институту иштеп жатат.

«Долбоор чийки экен»

Шаардык кеңештин депутаты, эколог Абдижапар Аккулов долбоорду «чийки» деп атап, андагы бир катар мүчүлүштүктөрдү айтып берди.

Анын айтымында, мэрия жердин үстү менен тартып келүүнү пландап жаткан түтүккө кокту-колоттон чоң таштар кулап түшүү коркунучу бар. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу учурунда дарактар кыйылып, кыртыш бузулат.

Аккулов буга чейин мэрия шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешпегенин белгилеп, долбоор боюнча алдыдагы жыйында «альтернативдүү сунуштарды айтабыз» деп билдирди.

«Мен каралагандай болбоюн, бул буга чейин жең-ичинен эле бүтүп келди. Биз суранып жүргөндөй аралаштык. Болбосо бул демилге тескерисинче өздөрүнөн чыгышы керек болчу. Биз сын айтканда гана мажбур чакырып калган учурлары болуп жатат [...] Биз менен кеңешсе анын зыянын тартпайт го деп ойлойм. Билбейм эми акча жей албай калабыз дейби, эмне дейт. Эгер андай ниеттери болсо узакка барбайт», — деди ал.

Мындан сырткары Аккулов буга чейинки ишке ашпай калган долбоорлор боюнча ким жоопко тартылганына кызыгып сурам кат жибергенин, бирок тиешелүү органдардан жооп ала албай койгонун кошумчалады.

Ал эми пресс-турга катышкан шаардык активист Айсулуу Аскарбекова жаңы долбоорго «ынанбаганын» айтат. Ал мэрия көйгөйдү бир нече жылдан бери чечүүнү убадалаганы менен майнап чыкпай жатканына нааразы.

«Бул маселени шаардын тургуну катары мен жон-терим менен сезем. Бишкектен келген Алмаз Мамбетов аны билбейт. Бирок өзү келгенде пиар үчүнбү, хайп үчүнбү “Мен Ошко таза сууну чыгарып коюп кетем” деп айткан да. Кана?! Кана ошол таза суу?!» — деп суроо салды ал.

Чечилбеген көйгөй, мэрлердин убадалары

Ак-Буура дарыясы жамгыр жаагандан кийин. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Мэр Алмаз Мамбетов калаага башчы болуп дайындалганынын эртеси күнү эле таза суу көйгөйүн сезгенин айтып, маселени чечүү үчүн «варианттар каралып жатат» деп билдирген болчу.

«Суу өчүрүлгөнү өзүмө да сезилди, анткени эрте менен турсаң суу жок. Азыр 21-кылымда суу жок деген түшүнүк болбош керек го деп ойлоймун. Ошту таза суу менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүү үчүн Куршаб айылынан суу тартылат — ага 3 млрд сомго чейин каражат сарпталышы мүмкүн», — деген Мамбетов.

Буга чейин Оштун экс-мэри, учурдагы парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашов да суу көйгөйүн чечүүнү убадалап келген. Азыркы долбоор анын тушунда башталып, экс-мэр өзү Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгонун айткан.

Анын 500 миң долларына суу тазалоочу жайга хлорат жабдыгы алынган. Сарыбашов долбоорду аягына чыгара электе кызматынан кеткен. Анын тушунда башталган долбоорду учурдагы мэр Алмаз Мамбетов ишке ашырууда.

Ошол эле учурда Сарыбашов каатчылык мезгилде Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорун баштаган. 2020-жылдын башында мэрия пандемияга карабастан дарыянын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 млн 200 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бирок 2021-жылдын сентябрында УКМК көрктөндүрүү иштери боюнча тендерге байланыштуу Ош мэриясынын кызмат адамдарына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында мэрия аталган долбоордун экинчи этабы үчүн Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алары белгилүү болгон.

Мэриядан «суу маселесин чечпей туруп Ак-Буураны көрктөндүрүүгө зарылчылык барбы» деген сурообузга «каражат жетиштүү болгондуктан эки иш тең жүрө берет» деген жооп алдык.

Архив. Сүрөт: Ош мэриясы

Сарыбашовго чейин калааны башкарган Айтмамат Кадырбаев да көйгөйдү чечүүнү убадалаган. Атүгүл 2016-жылы 16-мартында Ош шаарынын «Достук» аймагында сыйымдуулугу 6 миң м3 суу кампасынын ачылышы болгон. Резервуарды курууга 46 млн сом сарпталган.

Ачылышка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана ошондогу мэр Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн ошол учурдагы Ош облусундагы өкүлү болгон Таалайбек Сарыбашов да катышкан.

«Жаз-күз мезгилиндеги жаан-чачында Ак-буура дарыясынын суусу булганып, калаада ичүүчү суу токтоп калган учурлар болот. 2014-жылдан бери шаардыктарды таза суу менен камсыз кылууда жасаган аракеттерибиз өз жемишин берип [...] жаңы суу кампасын пайдаланууга берип жатабыз. Быйылкы жылы таза суу маселеси толугу менен чечилип, Ош шаарына үзгүлтүксүз ичүүчү суу берилет», — деген анда Кадырбаев.

Бирок бул маселени чечпегендиктен калаанын тургундары резервуар боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн кол топтой башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экс-мэр Сарыбашов: Ошту таза суу менен камсыздоого 3,5 млн доллар сарпталат

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүүгө Дүйнөлүк банктан 250 млн сом грант алат

Оштогу Ак-Буура дайрасын оңдоп-түзөө тендерин ким уткан? — Kaktus.mediaнын иликтөөсү

УКМК: Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкелерин оюн-зоок жайларды куруу үчүн ижарага берет

Ош шаары: Ак-Бууранын жээгин оңдоо боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштады