Садыр Жапаров «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, эми мамлекеттик катчы Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программа иштеп чыгышы керек — буга 1-сентябрга чейин убакыт берилет. Программаны иштеп чыгууга коомчулуктун, билим берүү тармагынын, илим жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптар катышууга тийиш.

Бул программада диний ишенимдер жана каада-салттын баалуулуктары бири-бирине карама-каршы коюлбашы керек. Аны менен катар, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга артыкчылык берилет.

Жарлыкта Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгына багытталган сунуштамалар да бар. Дин башкармалыгына салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодо келип чыгуучу «түшүнбөстүктөрдү жоюу» сунушталды.

Ошондой эле, аталган программада мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл бурулушу керек. Андан тышкары, ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша методдорду, талаптарды иштеп чыгуу зарыл

Нарктуулукту Кыргызстан калкы ассамблеясы, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу пландалууда. Мамлекеттик кызматкерлер, министрлер кабинети жана депутаттарга улуттук наркка сый-урмат менен мамиле кылууда кыргызстандыктарга үлгү көрсөтүү сунушталды.