«Буюрса». Оштун вице-мэри таза суу көйгөйүн чечүүнү убада кылды

Оштун вице-мэри Сонунбек Жунусбеков шаардагы таза суу берүү көйгөйүн чечүүнү убада кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын Фейсбуктагы расмий барагында кабарланды.

Ал шаарда суу маселеси 20 жылдан бери чечилбей келе жатканын айтты.

«Кудай буюрса, июль айынан баштап курулуш иштерин баштайбыз. Ушунча чыдадык, бир аз сабыр кылып туралы. Кудай буюрса эми, Кудайдан сурайлы, ушул акыркы бир токтотуу болсун. Кудай буюрса кийинки жылдары ушул долбоорду бүтүрүп, шаарыбыздын 80%ын, Кудай кааласа, таза суу менен камсыз кылабыз», — деди ал.

Ош шаарында 21-майда таза суу токтотулган. Эртеси эле күнү шаар тургундары парктардын бириндеги булактан суу алып жатканы белгилүү болгон.

Анда тургундардын бири шаар жетекчилерин «кооз сөздөр менен» элди алдабай, таза суу маселесин чечип берүүгө чакырган.

«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы катуу жааган жаандын кесепетинен жана селден улам таза суу берүү токтотулганын билдирген. Суу эки күндөн кийин, 23-майда гана калыбында бериле баштаган.