Ош шаарында эки күндөн бери суу жок. Мэрия суу эртең берилет деп айтууда

Ош шаарында 21-майда түнкү саат 03:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам таза суу берүү токтотулган. Мындан улам калаа тургундары социалдык тармактарга бийликтен суу берүүнү талап кылып жатышат.

Анткени алар «Ошшаарсууканал» ишканасы таза сууну эскертүүсүз өчүргөнүн айтып, суу алып коюуга жетишпей калганын айтышат.

Ал эми вице-мэр Сонунбек Жунусбаев «Клоопко» таза суу дагы бир күндөн кийин берилиши мүмкүн деп билдирди. Мунун себебин суунун ылайкалуулугу жогору болуп жатканы менен байланыштырды.

Жунусбаевдин айтымында, бир литр суудан 80 грамм ылай алынууда. Норма боюнча көрсөткүч 20га ылдыйлаганда суу берилет. Бирок бүгүн, түштөн кийин ажаткана үчүн суу 2 саатка берилет деп ишендирди.

«Азыр Озгурдан дагы сел козголду. Ошондуктан суу дагы өчүшү мүмкүн. Биз шаар тургундарына суу жеткирүүчү машиналардын санын дагы көбөйттүк. Кимге суу керек болсо, биз дарегине жеткирип беребиз», — дейт вице-мэр.

Шаардыктар таза сууну Навои паркында аккан булактан ташып келип ичип жатышат. Бирок ал жакта узун кезек жаралууда.

«Ошшаарсууканал» ишканасы катуу жааган жаан кесепетинен Папан айылындагы жылгалардан келген сел суулар Ак-Буура дарыясы ылайкалаганын билдилди.

Ошондой эле, ишкана таза суу жеткирип берүү улантылып жатканын, суу жеткирүү үчүн шаар тургундары төмөнкү телефон номерлерге байланышса болорун эскертишти: 0559 05 73 07; 0556 15 35 26, 105, 8-11-15,8-11-50.

19-майда Ош шаарынын 30дай тургуну таза суу көйгөйү боюнча тынчтык митингине чыгышкан. Анда «Миллиондор кайда кетти?», «Укугубузду тебелеп жатат» деген плакаттарды көтөргөн митингдин катышуучулары «бийлик таза суу маселеси боюнча долбоорду ушул жылы колдоого алсын» деген талап коюшкан.

Жарандык активист Мирлан Орозбаев буга чейин таза суу көйгөйүн чечүү үчүн жасалган долбоорду текшерүүнү талап кылган.

Ошондой эле, митингге чогулгандар «бийлик алмашкандан кийин да суу маселеси чечилбей келет» деп президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылышкан болчу.

Тема боюнча: 3 млн доллар сарпталчу долбоор. Ош мэриясы таза суу көйгөйүн кантип чечет?