Москвада сабалган 11 жаштагы кызды Өзгөн диаспорасынын башчысы алып кетти

Москва шаарында туугандарынын баласын багып жүргөндө ур-токмокко алынган 11 жаштагы кыргызстандык кызды Өзгөн диаспорасынын башчысы алып кетти. Бул туралуу «Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова Фейсбук барагына жазды.

Укук коргоочу жарыялаган видеодо башы таңылган секелек кыз аны Москвага алысыраак тууганы алып келгенин, ата-энеси Кыргызстанда калганын, «эжеси аны кантип сабаганын» айтып берген.

«Кичинекей баланын башы дарбазага тыгылып калыптыр. Минтип тартып аткам да. Эжем “сен сүздүргөнсүң” деп [кайчы менен чачымды кыркты]. Жалган сүйлөбө деп [ред: колун көрсөтүп] момунтип кесип атты. [...] Коробкадагы катуу оюнчуктар менен башыма эле уруп атты, башымды момунтип бекиттим да. Биринчи урганда “ата-апаңа айтсаң өлөсүң” деп жанымда турат эле», — деп айтып берген секелек.

Турдубекованын айтымында, кызды Москвага Өзгөн районунун Допу айылынан алып келишкен.

«Аны катуу сабашкан, кыз коркок болуп калган», — деп жазды укук коргоочу.

Азырынча Орусиядагы кыргыз элчилиги өспүрүм кыздын сабалганы боюнча эч кандай маалымат тарата элек.

Балага карата зордук-зомбулук

Иллюстративдик сүрөт. Ануш Бабаджанян / ЮНИСЕФ

Өткөн жылы Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 учуру катталганын билдирген — анын 151и кыздарга карата жасалган.

Рысбекованын айтымында, 177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 бала психологиялык зомбулукка учураган.

Балдар укугу боюнча адис зомбулуктун 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата жасалганын кошумчалаган. Ал эми сексуалдык зомбулуктун 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге жасалган.

Дагы окуңуз:

«Тилегибиз тынчтык». Батыштын санкциялары Орусиядагы борборазиялык мигранттарга сокку урду

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт