Кыргызстандык Рысбек Москвадагы супермаркеттердин биринде жеткирип берүү кызматында иштейт. Батыштын Орусияга каршы санкцияларынан улам Рысбек жана анын көптөгөн кесиптештери жумушсуз калышы мүмкүн. Cүрөт: OCCRP

Украинага бастырып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын кесепети Борбор Азия жана Кавказдан келген эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүнө тийди. Орусияда калып, жарыбаган айлыкка иштей бериш керекпи, туулган жерге кеткен туурабы же чет өлкөгө кетүүнүн жолун издеген оңбу? OCCRP болжолдуу сценарийлерди изилдеп чыкты.

71 жашка келип калган Айгүлдүн түйшүгү көп. Кант диабетинен жабыркайт, кан басымы да өйдөлөп кетет, ага карабай Орусияда иштеп жүргөн уул-кызынын балдарын — алты небере-чөбөрөсүн багат.

Жарандардын маянасы көбүрөөк иш издеп чет өлкөгө кетиши Кыргызстандагы кадимки көрүнүш.

Буга чейин Айгүлдүн балдары Орусиядан иштеп тапкан акчасы небере-чөбөрөлөрүн багууга жетчү. Бирок 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Андан соң бир нече күндүн ичинде АКШ, Европа биримдиги жана Улуу Британия катаал санкцияларды жарыялап, көп өтпөй рубль арзандады — бир аптанын ичинде рублдин куну чейрекке чейин түшүп кетти.

Орусиянын көпчүлүк жарандары өз өлкөсүнүн аракеттерин колдоп жатышат, ал эми мамлекет аны өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн «атайын аскер операция» деп атап келет. Батыш киргизген санкциялар кайсы бир деңгээлде кыйратуучу согуштун азабын сездирүүгө багытталган.

Ал эми алыскы Кыргызстанда үй-бүлөсүнүн, жеке жашоосунун коопсуздугу үчүн аты-жөнүн купуя бойдон калтырууну суранган Айгүл дагы азап тартып жатат.

Рублдин куну түшүп кеткендиктен балдары салган акча эч нерсеге жетпейт — Айгүл жашаган чакан кыштакта дагы. Азык-түлүк, дары-дармек кымбаттады. Эгер балдары Орусиядагы киреше булагынанан ажыраса мекенине деле кайтып келе албайт — учак билеттери камбаттап кетти, ал эми Кыргызстанда жумуш орундары деле жок. Эми Айгүл үй-бүлөсүн келечек тагдырына баш катырып отурат.

«Согуш болбосун», — дейт ал айылдагы үйүнүн күңүрт ашканасында жапыз үстөлдүн четинде отуруп OCCRP’ге. «Биз эртеден-кечке кудайга жалынып жатабыз. [Согуштун] кесепети бизге дагы тийбесе экен».

Кабатыр болгон жалгыз эле Айгүл эмес.

Москвада дүң базарда кийим-кече саткан 33 жаштагы Саида дагы аты-жөнүн ачык айтпоону суранды. Ал барган сайын сатып алуучулар азайып жатканын айтат. Ушул тапта Кыргызстанда калган үй-бүлөсүнө акча-тыйын жөнөткөнгө шарты жок.

«Эки аптадан бери дээрлик соода жок», — деп нааразы.

Азербайжандан келген 32 жаштагы Элнур Москвадагы ресторандардын биринде администратор болуп иштейт. Ал аялына «акча жибере албайм, А4 форматтагы кагаз рублдан кымбат болуп кетти» деп айтууга мажбур болгон.

Булар Орусияда иштеген, санкциалардан улам тапканы көз алдында жок болуп бараткан ортоазиялык, кавказдык миллиондогон мигранттардын айрымдары гана. Мындай абал булардын өз өлкөсүндө калган үй-бүлөлөрүнүн — Путинге дагы, согушка дагы эч кандай тиешеси жок адамдардын абалын оорлотту.

Кийинки апталарда жана айларда мигранттар мекенинде калган үй-бүлөсүн камсыздоо үчүн өзүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын сыноого аргасыз. Эгер стратегия жашоодо ишке ашпай турган болсо, мигранттар массалык түрдө үйлөрүнө — Борбор Азия менен Кавказга кайта баштайт

Өзбекстандык ширетүүчү Баходыр Москвадагы өзү иштеген курулуш объектисинде. Сүрөт: OCCRP

Мигранттар Орусиянын экономикасындагы толкундоолорду жон териси менен сезген учурлар мурда да болгон. 2008-жылдагы финансылык кризис жана Крым басылып алынгандан кийинки 2014-жылдагы Орусияга каршы санкциялар да мигранттардын кирешесине зор кедергисин тийгизген.

Бирок акыркы санкциялар «буга чейин болуп көрбөгөндөй» — мындай пикирин тажикстандык юрист жана эмгке миграциясы боюнча адис Нодира Абдуллоева билдирди.

«Азырынча, мындан ары эмне болорун эч ким билбейт. Эң коркунучтуу нерсе — бул жакырчылык. Биз кедейлер, мындан дагы кедей болобуз, — деди ал. — Орусиядагылар жакырланат, алардын артынан тажикстандыктар дагы жакырланат. Бирок, эгер мурунку кризистер күтүлгөн болсо, азыр эч нерсе түшүнүксүз. Анткени санкциялар абдан олуттуу».

Жан сактоонун стратегиясы

Айкын статистиканы табуу абдан оор, бирок орус бийлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөдө 7 миллион мигрант жашап, иштечү. Бирок башка маалымат булактары бул көрсөткүч эки эсе көп экенин айтат. Экономикалык кризистер учурунда дагы, Орусиядагы жумуш орундары — көбүнчө курулуш, базарларда жана тейлөө тармагындагы — Борбор Азиядан келгендерге өз өлкөлөрүндөгү жакырчылыктан чыгып, үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.

Бул ушунчалык чоң феноменге айланды, ал тургай мигранттар үйүнө жөнөткөн акчалар ошол өлкөнүн эконмикасынын барандуу бөлүгүн түзүп калды. 2020-жылы мигранттардын акча которуулары Кыргызстандын ИДПнын үчтөн бирине, Тажикстандын ИДПнын төрттөн бир бөлүгүнө тең келген.

Орусияга агылган эмгек мигранттарынын масштабы. Чоңойтуу үчүн басыңыз. Инфографика: Эдин Пашович

Тажикстанда жашаган эмгек миграциясын изилдөөчү Ирна Хоффмандын айтымында, миграция Борбор Азиянын жашоочулары үчүн «жан сактоонун стратегиясы» болуп саналат.

«Биз аны туруктуу дей албайбыз. Бул кризис алсыз жагын ансайын ачып таштады», — деди ал OCCRP’ге.

Кризистин адамдарга тийгизчү таасирин түшүнүү үчүн OCCRP жыйырмага чукул мигрант жана алардын жакындарын өз-өзүнчө сөзгө тартты. OCCRP сурамжылоого алгандардын дээрлик бардыгы Орусиядагы саясий кырдаалга сын көз карашы үчүн тобокелдикке барууну туура көрбөй, атын айтууга гана макул болду.

Санкция киргизилгенден бир нече апта өтпөй айрымдар жумуштарынан кол жушту. Кээсинин айлык маянасы кыскарды. Ал эми буга чейин үйлөрүнө жөнөткөн акчага мурдагыдай болуп көп нерсе сатып алуу мүмкүн болбой калды.

Базарда сатуучу болуп иштеген Саида санкциялардын кесепетинен экинчи жумушунан ажырап калышы мүмкүн. Буга чейин ал Кыргызстанда журналист болуп эмгектенчү, бирок тапкан акчасы күнүмдүк керектөөдөн артпагандыктан Москвага келе берген. Анда Москвага көчүп барып, отурукташып калган эжеси чакырып, экөө бирге бизнес баштоону чечишкен. Учурда ал Москвадагы эң чоң базарлардын биринде — Садоводдо ижарага контейнер алып иштетет. Алар Кыргызстанда тигилген кийим-кечек сатышат. Жакынкы убакытка чейин, Орусиянын бардык булуң-бурчунан кардарлар келип, товарын дүңүнөн алып кетишчү.

Бирок, рублдин куну түшүп кеткендиктен, эже-сиңдинин соодасы начарлап, алар товарлардын жаңы партиясын буйрутма кылганга мүмкүнчүлүгү жок калышты — Кыргызстандагы баалар өсүп кеткендиктен, аларга товар сатып алуу пайдасыз болуп калды. Ошондой эле алар мекенине акча жиберүүнүн кажети жок деп эсептешет, рублди кыргыз сомуна алмаштырганда 20-30%га чейин жоготушат.

Алар товардын баасын 300-400 рублга көтөргөнгө аргасыз болушкан, бирок мындай кадам алардын кардарларын чочутуп койду.

«Биз [согуш башталса] өзгөрүүлөр болорун боолголоп турганбыз, бирок мынчалык деңгээлде эмес», — дейт Саида. «Күнүгө нес болом. Күнүгө бирөө келип рублдин куну түштү, доллардын куну өстү деп айтып кетет. Баарыбыз беймаза болуп жатабыз».

Сатуучулар Москвадагы «Садовод» базарында Кыргызстанда тигилген кийим-кечекти сатыкка дардап жатышат. Сүрөт: OCCRP

26 жаштагы Айгерим 2018-жылы Москвага кеткен. Ал биринчи никесинен төрөлгөн баласын багышы керек болчу. Уулун ата-энесине таштап келген, учурда Орусияда турмушка чыгып, кош бойлуу.

Азыр Айгерим иштебей үйдө отурганы менен санкциялар жашоосуна чагылгандай тез таасирин тийгизип жатканына күбө болууда. Ал күйөөсү экөө Москвада дагы алты адам менен үч бөлмөлүү батирди ижарага алып жашашат. Орусия Украинага кол салгандан кийин бардыгы ишсиз калган.

28-февралда, Украинага бастырып киргенден 4 күн өткөндөн кийин Айгерим күйөөсү экөө чогулткан акчаларын долларга алмаштыралы деп пландашкан. Эртең менен 1 доллар 83 рубль болуп турган. Бирок Айгеримге тиш доктурга барыш керек болуп, кечинде гана банкка барган. Ал кезде доллардын баасы 105 рублге чейин жогорулаган.

«Азырынча биз такыр [акча] жөнөтпөй калдык, анткени 30%ы жөн эле жок болуп кетип жатат. Азыр биз акчабызды чогултуп, мисалы алтын же унаа алып, [Кыргызстанга] барып, саталы деп жатабыз. Ошондо биз акчабызды жоготпойбуз», — деп түшүндүрдү Айгерим OCCRP’ге.

Учурда Айгерим жолдошу экөө мурда пландагандай Орусиянын төрөт үйүнө барсакпы же мекенге кайтсакпы деп ойлонуп жатышат.

«Бизде дайыма акча кармап көнүп калганбыз. Азыр болсо, чогулткан акчабыз түгөнүп баратат», — дейт Айгерим.

Валюталардын курсунун өзгөрүшү өзү эле жагымсыз (азырынча рублдин куну кайрадан көтөрүлө баштады).

Кээ бир мигранттарга жумуш жок калды

Тажикстандын көпчүлүк жашоочулары сыяктуу эле 24 жаштагы Хабиб мектепти бүтөөрү менен Орусияга келе берген. Учурда ал Москвадагы курулуш компаниялардын биринде иштейт. Анын айтымында, аталган ишканада дагы 100гө жакын мигрант эмгектенет. Быйыл алар 20 турак-жай комплексин курууну пландашкан. Азыр үч комплекс куруп жатышат.

«Көпчүлүк курулуш материалдары чет өлкөдөн келчү, азыр дефицит болуп жатат», — деп айтып берди ал OCCRP’ге.

26 жашар Нажибулло, азырынча жумуш ордун жогото элек.

«Менин курулуш тармагында иштеген жээндерим жумушсуз калышты, — дейт ал. Аларга иш бергендер «курулуш иштерин токтотуп, 15-20 мартка чейин күтүп туругула дешти, андан кийин байкаштырат да».

Борбор Азиядан келген мигрант Москвада курулушта ширетип жатат. Сүрөт: OCCRP

Жумуш орду сакталып калганы менен Нажибулло дагы өзүн ыңгайсыз сезип жатат. Тажикстанда биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктүн баасы кымбаттап, үй-бүлөсү акча сал деп суранып жатат. Бирок Нажибулло курстун жакшырышын күтүп олтурат.

Бир нече мигрант санкциялар жумуш берүүчүлөрдүн тандоосуна дагы таасирин тийгизгенин айтты. Азыр алар жумушка Орусиянын жарандарын гана алууга ыкташууда.

Орусияда 2013-жылдан бери жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык Рысбек азыр супермаркеттин жеткирип берүү кызматында иштейт. Кесиптештери көбүнчө мигранттар, арасында орусиялыктар дагы бар. Бирок менеджерлер 24-апрель мигранттар үчүн акыркы иш күнү деп жарыялашты. Алар Орусиянын Ички иштер министрлигине байланышкан маселелер жаралганын айтып, бирок майда-баратын түшүндүргөн эмес. Эми Рысбек менен бирге иштеген 70 кишинин 40кы жумушсуз калат.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, мындай көрүнүш бүткүл Москва боюнча, жеткирип берүү кызматында гана эмес, башка дагы тармактарда болуп жатат», —деп айтып берди ал журналисттерге. Дагы эки мигрант ушундай эле акыбалда экенин айтты.

Рысбек Москвадагы ири турак-жай комплекстеринин биринде буйрутма аркылуу жеткирип келген азык-түлүктү унаадан түшүрүп жатат. Сүрөт: OCCRP

Жакын арада эле иштегени келген мигранттар үчүн санкциялар экинчи көйгөй болду. 32 жаштагы курьер Али Азербайжандан 2019-жылдын ноябрь айында келген.

Үч айдан кийин COVID-19 пандемиясы башталып кетип, ал өлкөсүнө кайтууну ойлоно баштаган. Бирок анда авиакаттамдар токтотулуп, Азербайжан кургактыктагы чек арасын жаап койгон. Ал эми мекениндеги экономикалык кырдаал деле көңүл жылытарлык эмес болчу. Ошондуктан ал калууну чечкен.

Орусия кризистен эми гана баш көтөрүп келатканда, Али экинчи кризистин таасирин сезе баштады. Мурда ал аялы менен эки баласына айына 1000 долларга жакын акча жиберчү.

«Эми мен 500 азербайжан манатын(300 доллар) дагы жөнөтө албасымды сезип жатам. Бул жакта калууну каалабай турганымдын себеби ушул», — деди Али OCCRP’ге.

Ал акыркы 2,5 жылда бир гана жолу көрүшкөн үй-бүлөсү менен бирге болом деген үмүт менен учакка билет алганга да үлгүргөн. «Бирок алтынчы мартта бир саатын ичинде бардык каттамдар токтотулду», — дейт ал.

«Эртең эмне болорун бир гана Кудай билет»

Адатта Орусияга кеткен мигранттардын артында алардын айлыгына күн кечирген үй-бүлөсү калат.

Бул акча которуулар дээрлик бардык чыгымдарды жабат: күнүмдүк сарптоолор, оорукана, билим берүү, үй-жай куруу, ал тургай чакан бизнес ачам десе баштапкы капитал дагы болот.

Кыргызстандын Баткен облусунда жашаган, 54 жаштагы Зеби баш баланын энеси. Зеби мигрант уулунан келчү каражаттын көзүн карап жашайт. 2021-жылы ноябрда 24 жаштагы уулу Санкт-Петербургга кеткенге чейин үй-бүлөнүн турмуш шарты абдан оор эле.

Баласы Санкт-Петербургда иштеген Зеби, Баткен облусунун алыскы айылдарынын биринде, кафеде журналист менен маектешип отурат. Сүрөт: Кайрат Замирбеков / Kloop

«Менин пенсиям күйөөмдүн дарысы менен тамак-ашка да жетпей калат, — дейт Зеби. — Карызга акча алып, пенсия келгенде, кайтарып беребиз».

Бирок уулу Орусияда чабылган этти таңгактоочу болуп иштеген бир нече айда үй-бүлөнүн карыздарынан кутулган.

Эгер акчасы көбүрөөк болгондо, Зеби үй-жайын оңдоп, баласын үйлөнтмөк — кыргыз маданиятынын чыгымы көп, бирок мааниси чоң иш-чарасы. Эми алардын келечеги тууралуу бир нерсе айтуу кыйын.

«Ушинтип жетип-жетпей жашап келебиз», — дейт ал.

Өзбекстандык ширетүүчү Баходыр дагы анын колун караган туугандарына жардам берүү үчүн Орусияга келген. Ал агасынын чоң үй-бүлөсүн камсыздайм, карындашынын университеттеги окуу акысын төлөйм, ата-энесине жардам берем, Фергана шаарына үй куруу үчүн каражат топтойм деген пландары бар болчу.

Ал оюнда жаңы салынган үйүнө барып үйлөнөм деген. Бирок минтип санкциялардан улам Баходырды жумушка алган ишкер жумуш токтойт дегенсип жатат, ал азыр мындан ары эмне кылам деп ойлонуп жүргөн кези.

«Пландар тууралуу, азырынча билбейм. Бүгүн биз бардыгы жакшы деп ойлойбуз, эртең эмне болорун бир гана кудай билет. Азыр мен эч нерсе деп айта албайм, түштөн кийин эмне болуп кетет белгисиз», — дейт ал.

Өзбекстанда анын 10 сотых жүзүм багы бар. Бирок жүзүмдөн алган кирешеси жылына 1000 долларга жетпеген акча — карындашынын университеттеги бир семестр үчүн окуу акысынан да азырак.

Кыйынчылыктар алдыда

Өзбек айылдарындагы эмгек миграциясын изилдеген, Швециядагы Лунд университетинин доценти Рустам Уринбоев бул кырдаал Борбор Азиядагы жашоонун ар бир аспектине таасирин тийгизет деген ойдо.

Бул той-аш сыяктуу мааракелер азаят, айлдыктар турай-үйлөрдү азырак куруп, мамлекеттик жардамга муктаждардын саны арбыйт дегенди түшүндүрөт.

«Өзбек экономикасы мынчалык көп мигранттардын агымын көтөрө албайт», — дейт Уринбоев OCCRP’ге.

Ал санкциялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн олуттуу сыноо болот деп эсептейт. Дээрлик жыйырма жылдан бери Борбор Азия мамлекеттери маанилүү реформаларды артка жылдырып келди. Анткени мигранттардын акча которуулары социалдык чыңалууну басаңдатып, өкмөттүн экономикалык жүгүн жеңилдетип келген.

«Мамлекеттер клептократия менен коррупцияны өркүндөтүүсүн уланта беришти», — дейт ал. Анын айтымында, өлкөгө мигранттар массалык түрдө кайтып келе баштаганда, «социалдык коопсуздукту камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү үчүн мамлекетке чоң басым жасалат».

Борбор Азиядан келген куруучулар иш бүткөндөн кийин жатаканада эс алышууда. Алар курулуш объектисинде жайгашкан соода контейнеринде жашашат. Сүрөт: OCCRP

Бул Борбор Азядагы миграциясы анча көп эмес өлкөлөргө да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Экинчи мартта деңиз аркылуу жүк ташуу менен алектенген казак бизнесмени Канат Копбаев, санкциялардан улам жаралган коркунуч тууралуу коңгуроо кагып, бизнес коомчулугуна кат жөнөттү.

«Мен 20 жылдан бери эл аралык бизнес менен алектенем, бирок мындайды өмүрүмдө биринчи жолу көрүп жатам», — деп жазган ал катка.

Кийинчирээк кат Форбс Казакстан сайтында жарыяланган.

«Крым, Сирия болгон, мунун баарын кандай болгон күндө да баштан кечирдик, бирок заманбап тарыхыбызда биринчи жолу кыйроонун алдында турабыз. Мен муну кыйроо деп атайт элем».

Ал деңиз аркылуу жүк ташыган негизги компаниялар Орусияда жүк алуудан баш тартты, ал тургай Казакстандан келген жүктү да албай коюшту деп белгиледи.

Мындан ары эмне болот?

Баары эле кыйроодон кабар берет деп айтууга болбойт.

Казак экономисти Кассымхан Каппаров санкциялардан улам Борбор Азия көпчүлүк товарларды Кытайдан ташып, аймакта Пекиндин таасирин күчөйт деген ойду карманууда. Ошол эле учурда Каппаров Орусиянын таасири азаят деп ишенимдүү айта албайт — анан калса, Орусия товар экспорттой ала турган азыноолак аймактардын бири Борбордук Азия.

Орусияда дагы деле «татыктуу киреше табууга» мүмкүнчүлүк бар жана суроо-талап жоголбогондуктан, Каппаров кырдаал Борбор Азияга экспорт мүмкүнчүлүктөрүн ачат деп эсептейт.

«Мен [Борбор Азия] аймактарга караганда, Орусияда жашоо деңгээлинин төмөндөшү жогору болот деп ойлойм», — деп билдирди ал.

Учурда мигранттардын арасында да эки анжы сезим басымдуулук кылат. OCCRP интервью алгандардын көбү өз өлкөсүнө кайтабы же жокпу чече албай жатканын айтышты. Алар жакынкы апталарда Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бүтүп, акыры санкциялар жокко чыгарылат деген үмүт менен күтүп жатышат.

Өзбекстандагы миграцияны изилдеген Уринбоев көптөгөн мигранттар Орусияга альтернатива катары Түркияны тандашы мүмкүн деп божомолдойт. Бирок Уринбоевдин жана анын кесиптештеринин изилдөөлөрү көрсөткөндөй, мигранттар дал ушул Түркияда эксплуатацияга көп кабылышат жана кирешеси дагы азырак.

Өзбекстандан келген эмгек мигранты Михаил Орусияда үй-бүлөсү менен жашайт. Сүрөт: OCCRP

Кыргызстандан келген 36 жаштагы Өмүрбек Москвада 2009-2011-жылдары иштеп кеткен. Анын айтымында, айрым достору же тааныштары акча табуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издеп Европага кетишкен. Өмурбек мигранттар Европада Орусияга салыштырмалуу дискриминацияга азырак кабылат деген ойдо.

«Ар бир полиция кызматкери аларга өзүнүн жарандары катары мамиле жасайт», — деди ал OCCRP’ге.

Москвада ресторанда администратор болуп иштеген азербайжандык Элнур учурда көпчүлүк тааныштарындай эле мекенине кетүүнү пландап жатат. Ал мурда Азербайжандын борбор шаары Бакуда фотограф, видеооператор болуп иштечү. Эми ошол жумушка кайра кайтсамбы деген ойлору бар.

«Мен 32 жаштамын, — дейт ал. — Дагы беш жылымды бул жакта короткум келбейт, анткени эч кандай перспектива жок».

Айрымдар кенч издөө менен алек. Орусияга Европадан товар кирбей калса, сатуучу болуп иштеген Саида Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга суроо-талап өсөт деп үмүттөнөт.

«Жакындан бери бизде: “Шайтан “Прада” кийбейт. Шайтан “H&M” кийбейт. Шайтан жалаң гана кыргыз өндүрүшчүлөрү тиккен кийимдерди кийет” — деген тамаша айтыла баштады, — деп айтып берди Саида OCCRP басылмасына. — Ушундай болсо, сонун болмок».

ДАГЫ ОКУҢУЗ: