Юристтер SuperTV телеканалына парламенттин ишин чагылдырууга тыюу салууну негизсиз деп аташты

«Медиа Полиси Институтунун» (МПИ) юристтери SuperTV телеканалынын журналисттерине Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө жана парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салынганы негизсиз жана мыйзамга каршы экенин билдиришти.

Медиа Полиси Институту Баш мыйзамда «Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашырууда ачыктык принциптерине негизделет» деп жазылганын эскертти.

«Медиа Полиси Институту эки күндөн бери Жогорку Кеңештин имаратында иштөөгө уруксат берилбей жаткан SuperTV каналынын журналисттеринин айланасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө тынчсыздануусун билдирет. Жогорку Кеңештин жооптуу адамдарынын мындай позициясы редакциянын журналисттеринин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоол болот», — деп айтылат юристтердин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, юристтер регламентке ылайык, журналист коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бир нече жолу бузса, журналистти аккредитациядан ажыратуу маселесин кароо депутаттык комиссия гана чече аларын белгилешти. Ал эми депутаттардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар таратылса, анда ал соттун чечими менен тастыкталат.

«СуперТВнын журналисттери эч кандай юридикалык жана этикалык нормаларды бузган жок. Бул маселе боюнча парламенттин профилдик комитетинин же комиссиянын жыйындары өткөн жок, маселе пленардык жыйында да каралган жок. ЖМКнын аккредитациясын жокко чыгара турган бир дагы документ жок», — деп белгилейт уюм.

МПИнин юристтеринин айтымында, парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланган.

«Медиа Полиси Институту» телеканалдын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон парламент өкүлдөрүнүн аракеттерине прокуратура юридикалык баа бериши керек деп эсептейт.

Окуя кандай болгон?

18-майда SuperTV телеканалынын кабарчысына Жогорку Кеңештин имаратына кирип журналисттик милдетин аткарууга тыюу салынган. Буга 11-майда телеканалдын журналисти менен депутат Надира Нарматованын ортосунда чыр себеп болгон.

Анда кабарчы парламенттин ашканасына барып, тамактанып жаткан депутаттарга суроо узаткан. Депутат ашканадагы съемкага каршы болуп, микрофонду тартып алууга аракет кылган. Чыр-чатактын тасмасы телеканалдын Ютуб каналына жүктөлгөн.

Журналисттер депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын кабарчысына «орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилди» деп эсептешет.

Телеканалдын кайрылуусунда журналистке Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан эч кандай түшүндүрмө берилген эмес деп айтылат.

«Алардын бул аракеттери сөз эркиндигин чектөө болуп саналат жана Баш мыйзамда көрсөтүлгөн жарандардын маалымат алуу укугун тепселейт», — деп белгилешти SuperTV’дан.

Ал эми Жогорку Кеңештин жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каимовдун айтымында, мындай чечим телеканалдын кабарчысы Тахмина Кенжебек кызы парламенттин ашканасында журналисттер видеого тартып жаткан учурда депутат Надира Нарматова менен урушуп кеткенден кийин кабыл алынган.

«Биз аларды сүйлөшүү үчүн чакырганбыз, келген жок, телефонго жооп бербей жатышат. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин телеканалдын имаратка кирген-чыккан маселесин чечебиз. Алар Жогорку Кеңештин ички тартибин бузушту. Депутатты сыйлабай, тартпа десе болбой тартып, видеону соцтармакка жайылтып жатышат. Депутаттын кадыр-баркына доо кетиришти», — деп баса белгилеген Каимов.