«Депутаттык кадыр-баркына доо кетиришти». SuperTV’га Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынды

18-майда SuperTV телеканалынын кабарчысына Жогорку Кеңештин имаратына кирип журналисттик милдетин аткарууга тыюу салынды. Бул тууралуу Фейсбукта телеканалдын кызматкерлери кабарлашты.

Телеканалдын кайрылуусунда журналистке Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан эч кандай түшүндүрмө берилген эмес деп айтылат. 

«Алардын бул аракеттери сөз эркиндигин чектөө болуп саналат жана Баш мыйзамда көрсөтүлгөн жарандардын маалымат алуу укугун тепселейт», — деп белгилешти SuperTV’дан.

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү телеканалдын журналисти менен депутат Надира Нарматованын ортосунда чыр чыккан. Анда кабарчы парламенттин ашканасына барып, тамактанып жаткан депутаттарга суроо узаткан. Депутат ашканадагы съемкага каршы болуп, микрофонду тартып алууга аракет кылган. Чыр-чатактын тасмасы телеканалдын Ютуб каналына жүктөлгөн.

Журналисттер депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын кабарчысына «орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилди» деп эсептешет.

«Депутат тарабынан журналистке коркутуу жана физикалык басым орун алган. SuperTV телеканалы депутат Нарматова жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кечирим сурабаса, сотко кайрыларын эскертет», — деп кошумчалады басылма.

Ал эми Жогорку Кеңештин жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каимов «Клоопко» SuperTV телеканалынын кызматкерлери тизмеден чыгарылганын тастыктады. Буга депутат Надира Нарматова менен болгон чыр себеп деди.

«Биз аларды сүйлөшүү үчүн чакырганбыз, келген жок, телефонго жооп бербей жатышат. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин телеканалдын имаратка кирген-чыккан маселесин чечебиз. Алар Жогорку Кеңештин ички тартибин бузушту. Депутатты сыйлабай, тартпа десе болбой тартып, видеону соцтармакка жайылтып жатышат. Депутаттын кадыр-баркына доо кетиришти», — деп баса белгиледи ал.

Каимов аны менен катар, сотко кайрылуу өздөрүнүн укугу деп кошумчалады.