Айыл чарба министрлиги: Атай Бейшенбек ведомствого дээрлик 360 миң сом төлөп бериши керек

Айыл чарба министрлиги активист Атай Бейшенбектин иши боюнча Ленин райондук сотунун чечими боюнча маалымат берди. Сөз активист 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго жасап бериши керек болгон веб-сайт тууралуу болуп жатат.

2022-жылдын 16-майында активист аталган ишке байланыштуу милицияда сурак берип, андан соң үй камагына чыгарылган. Дал ошол күнү, активисттин айтымында, Айыл чарба министрлиги аны сотко бергени белгилүү болгон. Сот чечим чыгарганы менен активист аны менен бүгүнкү күнгө чейин тааныша элек.

Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Министрлик активист 200 миң сомго сайт иштеп чыгып, аны 2019-жылдын 2-майына чейин комиссияга өткөрүп бериши керек эле деп түшүндүрүүдө. Бирок ведомствонун айтымында, Атай сайтты иштеп чыгууга акча алып, ишти аткарбай койгон.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жоопко тартылуучу [Атай Бейшенбек] кабыл алуу комиссиясына даяр сайт өткөрүп берген эмес жана келтирилген зыянды төлөп берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле ал министрликтен алган 146 миң 800 сомдук Canon маркасындагы фотоаппаратты кайтарып берген эмес», — деп белгилешти министрликтен.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылдын октябрында Ленин райондук соту активистке карата чечим чыгарган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда сот Атай Бейшенбектен Айыл чарба министрлигине караштуу «Айылмаалымат» (учурда Айыл чарба министрлигинин алдындагы «Агросмарт» мамлекеттик ишканасы) мамлекеттик ишканасынын пайдасына 200 000 сом, ошондой эле фотокамера үчүн министрликтин пайдасына 146 800 сом өндүрүүнүтоктом кылган.

Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, активист Айыл чарба министрлигине караштуу «Айылмаалымат» мамлекеттик ишканасынын пайдасына ишти каратууга чыгымдалган 12 904 сом мамлекеттик пошлинаны төлөп берүүгө милдеттендерилген.

Атай Бейшенбек эмне дейт?

Активист буга чейин сайтка байланыштуу иш боюнча сот чечимин дагы деле көрсөтпөй жатышканын билдирген.

«Сайтты өздөрү ишке киргизбей сотко арыз жазышыптыр. Соттун чечими чыгып, бирок ал аткарылбай жатат деп сот аткаруучулар милицияга кайрылыптыр. Мени 200 миң сомду кайра кайтарып бербей жатат дешүүдө. Соттун чечимин көрө элекмин», — деп түшүндүргөн ал.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова дагы сөз болуп жаткан соттун чечими активистке көрсөтүлбөгөнүн бышыктаган.

Анда Бейшенбек суракты саясий көз карашы менен байланыштырып, позициясын ачык айтууну улантарын белгилеген.

Активист Атай Бейшенбек «Кумтөрдөгү» жана алтын кенде убактылуу жетекчи болуп иштеген Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердүулүгүндөгү бузуулар тууралуу кабарлап жүргөнү менен белгилүү.

Бейшенбек акыркы убактарда бийлик «Кумтөр» компаниясы казган алтын, аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу элге маалымат бериши керектигин талап кылып жүргөн.

Ал бийлик шаардын түштүк бөлүгүндө президенттин администрация үчүн курула турган жаңы имарат тууралуу маалыматтарды жашырбай бериши керектигин дагы айткан.