Активист Атай Бейшенбек сурактан соң тил каттын негизинде бошотулуду

16-майда активист Атай Бейшенбек Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө эки сааттан ашык сурак берип, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып берген соң бошотулду.

Бейшенбектин айтымында, ал 2019-жылы Айыл чарба министрлигинин сайтын жасоого катышкан, иш 200 миң сомго бааланган, кийин сайт ишке кирбей калган.

«Сайт мыйзамдуу келишимдердин негизинде жасалган. Бирок ошол учурда айыл чарба министри алмашып кетип, Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев келип сайттан бөлөк дагы тапшырмаларды бергендиктен, келишпестиктер болгон. Сайттын домени өзгөртүлбөй, кабыл алуу процесси создуктурулуп кеткен. Ошол менен токтоп калган», — деп түшүндүрдү ал.

Атай Бейшенбек жана аны колдогону келген активисттер. Сүрөт: Бейшенбектин Фейсбук барагы.

Активист буга чейин сот ишинен кабары болбогонун белгиледи. Ошондой эле тергөө учурунда «өйдө жактан 48 саатка камоо буйругу келгенин ачык эле айтышты» деп билдирди.

Ленин райондук милициясы активист мамлекеттик мекемелердин биринин пайдасына 200 миң сом жана мурда төлөнгөн 12 миң 904 сом мамлекеттик алымды өндүрүү ишинин алкагында суракка чакырылганын маалымдады.

Милициядан 2021-жылдын 21-декабрында Атай Бейшенбекке соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш жөнөтүлгөнүн, бирок ал талаптарды аткарбаганын кошумчалашты.

Ал эми Акыйкатчы институту активист жеке ишмердүүлүгүнө байланыштуу, жарандык иштин алкагында соттун чечимин аткаруу иши боюнча суракка алынганын белгилеп, мекеме адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөнүн кошумчалады.

Аны менен катар, Акыйкатчы тергөө кызматкерлери активист талап кылганда соттун чечимин көрсөтө алган жок деп баса белгиледи.

Атай Бейшенбек коомчулукка активист катары белгилүү. Ал социалдык тармактар аркылуу бийликти, Бишкек шаарынын мэринин ишин сынга алып келет. Акыркы убактарда бийлик «Кумтөр» компаниясы казган алтын, аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу элге маалымат бериши керектигин талап кылып жаткан.

Тема боюнча:

Темировду колдоо митинги: Активисттердин бири аңдууга кабылганын айтып чыкты