Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты

Москвада туугандарынын балдарын багып иштеп жүргөндө сабалган 11 жаштагы кыздын апасы эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева билдирди.

Абдуллаеванын айтымында, жашы жете элек кыздын ур-токмокко алынышын Өзгөн РИИБи териштирип жатат.

«Бардык фактылар топтолгондон кийин 10 күндүн ичинде юридикалык баа берилет. Азыр бул иш прокуратуранын дагы көзөмөлүндө турат. Апасы арыз жазуудан баш тартканы менен анын жоопкерчилиги дагы каралат», — деди Абдуллаева.

Ош облустук милициясынан секелек кызды сабоого Өзгөн районун Ийри-Суу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну шектелип жатканын кошумчалашты. Шектүү ушул тапта Москва шаарында экени аныкталды. Тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин «Балдардын укугун коргоо» лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова Москва шаарында туугандарынын баласын багып жүргөндө ур-токмокко алынган 11 жаштагы кыз тууралуу видео жарыялаган.

Укук коргоочу жарыялаган видеодо башы таңылган секелек кыз аны Москвага алысыраак тууганы алып келгенин, ата-энеси Кыргызстанда калганын, «эжеси аны кантип сабаганын» айтып берген. Андан соң кызды Өзгөн коомунун лидери алып кеткени айтылган.

Ал эми 22-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери диаспоранын активисттери менен бирге кыздан кабар алып келгенин маалымдашкан.

24-майда президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан жашы жете элек кыздын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факт Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө экенин билдиришкен. Учурда кызды Кыргызстанга алып келүү боюнча документтер даярдалып жатат.

Жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулук

Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 учуру катталганын билдирген — анын 151и кыздарга карата жасалган.

Рысбекованын айтымында, 177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 бала психологиялык зомбулукка учураган.

Балдар укугу боюнча адис зомбулуктун 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата жасалганын кошумчалаган. Ал эми сексуалдык зомбулукка кабылгандардын 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинки куракта болгон.