Нур-Султанда Манастын жана Чынгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Нур-Султан шаарына Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу боюнча тапшырма бергенин билдирди.

Токаев быйыл, 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын мадания күндөрү өтөрүн белгиледи.

26-майда Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери жолугуп, 2022-жылы Нур-Султан шаарына Манастын, ал эми 2023-жылы Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу маселесин талкуулаган.

Азамат Жаманкулов жана Даурен Абаев. Сүрөт: Маданият министрлиги

Жаманкулов 2021-жылы Бишкекте Казакстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, казакстандык маданият өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлери маданий кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар пландарды талкуулап, аны ишке ашырууну макулдашышты.

26-майда Бишкек шаарында Казакстандын акыны, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин айкели орнотулган. Ачылыш аземине Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан.

Тема боюнча:

Боордош эл, союздаштык жана инвестиция. Жапаров менен Токаев эмне тууралуу макулдашышты?