Акылбек Жапаров «Сколкового» Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Өз кезегинде «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрүп турганын белгиледи.

Минкабдын маалыматына ылайык, Жапаров 28-майда 8 ири орусиялык IT компания катышкан «Заманбап санариптик банк жана экосистема» форумунда сөз сүйлөгөн.

Ал өз сөзүндө маалымат технологиялардын өнүгүшү банк бизнесинин жүрүшүнө жаңы мамиле жасоого алып келгенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп саналат.

«Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз», — деп белгиледи Жапаров.Ал Кыргызстандын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин дагы кошумчалады.

Жапаров ошондой эле Министрлер кабинети санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Креативдүү экономика

Мурдарак президент Садыр Жапаров креативдүү экономиканы «мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири» деп жарыялаган.

*«Креативдүү экономика» термини биринчи жолу илимий колдонууга 2000-жылы киргизилген. Адатта бул түшүнүк интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасы катары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга негизделген экономиканын өзгөчө сектору болуп эсептелет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» кол койгон жарлыгында айтылат.Президент өз жарлыгынын алкагында өлкө экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүнү токтом кылган. Ал креативдүү индустриялар секторун экономиканын жаңы тармагы катары илгерилетүүгө мүмкүндүк бериши керек.

Ошондой эле мамлекет башчысы минкабга төмөнкү тапшырмаларды берген:

  • өлкөнүн креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү;
  • креативдүү индустриялар классификациясын аныктоо;
  • креативдүү индустриялар паркын түзүү;
  • 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган укуктук-ченемдик актылардын топтомун иштеп чыгуу;

Бизнесмендер 2021-жылдын жайында президент жана Минкабдын башчысы менен Креативдүү экономика тууралуу сүйлөшүшкөн.

23-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен жолугушкан. Алгач Садыр Жапаров бизнести коргоо үчүн кандай чаралар көрүлөрүн айтып берген, андан соң ишкерлердин сунуштарын уккан.

Креативдүү экономика тууралуу Ololo Group’тун негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Данияр Аманалиев дагы айткан болчу. Ал Кыргызстанда баары эптеп күн көрүү жана маселе чечүү менен алектигин, ошол эле учурда өнүккөн өлкө айлануу кыялы менен умтулуусуна эч ким көңүл бурбай жатканын билдирген.

Аманалиев инноваторлор менен билимдүү адамдар Кыргызстандан чыгып кетпеш үчүн шарт түзүүү керектигин айткан. Ал киреше көп түшүүчү иш орундарын түзүү үчүн IT-тармакты өнүктүрүүнү сунуштаган. Анда ал бийлик жеңилдетилген салык режимин киргизүү менен креативдүү экономиканы өнүтүүрүүгө жардам бериш керектигин айткан.

«Дүйнөдө креативдүү экономикага басым кылып жаткан өлкөлөр көп деле эмес. Менимче, биз дагы ушундай жаңы идеяны табуунун үстүндө турабыз, бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондуктан сураныч, креативдүү индустриялар паркын түзөлү, так эле Жогорку технологиялар паркыныкындай кылып, бардык креативдүү индустриялар үчүн жеңилдетилген салык режимин киргизип берели», — деп сунуштаган Аманалиев.