Көп жылдар бою Нарын облусунун Кадыралы айылынын жашоочулар түнкүсүн суу ташышчу: таңга маал колонкадагы суу токтоп калчу. 2021-жылы Дүйнөлүк банк айылдагы суу түтүктөрүн оңдоп, жаңы насос сатып алууга 5,3 млн сом бөлгөн. Азыр Кадыралы айылында суу бар, бирок эл аралык донорлор суу менен камсыздоого дээрлик жарым миллион доллар бөлгөнүнө карабай Кыргызстандын башка жүздөгөн айылдары кезегин күтүп жүрүшөт. Демөөрчүлөр берген акчалар өтө жай өздөштүрүлөт жана дайыма эле максаттуу сарпталбайт.

Нарын облусундагы Жалгыз-Терек айылында сууну ушинтип алышат

Ош облусунун Арык-Бою айылынын тургуну Каныгүл күн сайын эртең менен сууга барат. Жол катар үч колонканын жанынан өтөт. Биринчиси кургап калган: айыл тургундары үйлөрүнө түтүктөрдү киргизгенден кийин суу соолуп калган. Экинчиси да курап турат: көптөн бери суу келбейт. Үчүнчү колонкадан гана бир аз суу алат. Бул аралыкта 6 мүнөтчө жол басат.

Кыргызстанда айылдардын жарымында иче турган, таза суу жок. 300гө жакын калктуу конуштарда эч убакта суу түтүктөрү болгон эмес, дагы 600 конушта суу системалары тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж деп билдирген CABAR 2020-жылкы маалыматында.

Акыркы жылдары таза суу көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом (6,5 млн доллар) бөлүнүп келет, бирок бул жетишсиз деп билдирди «Клоопко» суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Сайпидин Момунов.

2017-жылдан бери 715 айыл суу түтүктөрүн орнотуу жана оңдоп түзөө үчүн кезекте турат.

«Клооп» жөнөткөн сурамга суу менен камсыздоо департаментинен 2021-2022-жылы айылдардагы түтүктөрдү оңдоого 2,3 млрд сом жумшалганын, мындан улам 250 миңден ашуун киши таза суу менен камсыз болгонун билдиришти.

Көйгөй эл аралык демөөрчүлөрдүн эсебинен чечилип келет. 2021-жылдан тартып беш жыл аралыгында чет өлкөлүк банктар менен өкмөт Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоого бюджеттен 15 эсе көп каражат бөлүүнү убадалап келет — бирок, мамлекеттик каржылоо жогорулабайт, болгону жылына 500 млн сом деңгээлинде кармалып турат деген шарт менен.

Суу ресурстарын өнүктүрүү департаментинин маалыматтарына ылайык, бир айылды суу менен камсыздоо үчүн донорлор орто эсеп менен 800 миң доллар жумшайт. Бул каражаттын жарымы — гранттар, калганы — насыя.

Долбоорлордун бир бөлүгүн донорлордун акчасына Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентттиги (АРИС) ишке ашырат. Агенттик бир эле учурда 150гө жакын түрдүү объекттерди жөнгө салат — жол жана бала бакчалардын курулушунан тартып, жайыттарды жакшыртууга чейинки программалар.

АРИС айылдарга суу түтүктөрүн орнотуу жана оңдоо эң жогорку стандартта жасалат деп ишендирүүдө. Жергиликтүү тургундар таза суу гана эмес, заманбап инфраструктурага да ээ болушат: суу түтүктөрү ар бир үйгө тартылып, жергиликтүү мектептерде ажатканалар оңдолуп, окуучуларга гигиена эрежелери жана сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча лекциялар өтүлөт. АРИСтин адистери айылдыктарды суу түтүктөрүн колдонуу эрежелерине үйрөтүшөт.

«Клооп» бул маалымат канчалык чын эңкенин текшерип көрүүнү чечкен. Бул максатта апрель айынын аягында биздин ыктыярчылар жарым жыл мурда жаңы суу түтүктөрү орнотулган Нарын облусунун айылдарынын бирине барышты.

Суу адамдарга да малга да жетиштүү

Кадыралы айылында 190 түтүн жашайт. Мурда алардын баары эски, совет мезгилинде курулган түтүктөрдөн суу алышчу. Суу таза, сапаты жакшы болгону менен, суунун басымы дээрлик жок болчу. Суусуз калбаш үчүн адамдар таң эрте туруп, кээде түнкүсүн сууга жөнөшчү. Жетишпей калгандар — күн бою суусуз отурушчу.

2020-жылы Дүйнөлүк банк Кадыралыдагы суу түтүгүн оңдоо үчүн 5,3 млн сом бөлүп, дагы 200 миң сомду жергиликтүү калк чогултуп берген. Аткаруучу катары «Экарас-5» компаниясы тандалып алынган. Курулуш иштери 2021-жылдын апрелинде башталып, жайдын ортолорунда жаңы кудук казылган — эми таза суу 38 метр тереңдиктен чыгып турат.

Нарын облусунун Кадыралы айылындагы ремонттолгон суу өткөргүч. Сүрөт: «Клооп»

Кудуктан тышкары куруучулар жаңы магистралдык суу өткөргүч да курушкан: узундугу дээрлик 200 метр металл түтүк жана дагы 100 метрлик пластик түтүктөрдү орнотушкан. Суу түтүктөрү жер алды менен өткөн, андыктан ысык-сууктан корголуп турат дешти жергиликтүүлөр «Клооптун» ыктыярчысына.

Суу сордуруучу жайдын жаңы жабдуулары. Сүрөт: «Клооп»

Сууну эки насос сордурат, аларды жергиликтүү тургун Тилеген Эралиев тейлейт. Ал атайын окуудан өтүп, эми сантехниктин милдетин аткарат. Бирок бул жумуш үчүн акы төлөнбөйт. Акча тазалоочу жумушчуга гана төлөнөт — 1500 сомго жакын.

Азыр суу күнү-түнү берилет. Сүрөт: «Клооп»

Айылда тургундар сууга бирдей эле төлөшөт, эсептегич коюлган эмес. Суу түтүктөрү киргизилген үйлөр айына 200 сомдон төлөшөт. Ал эми колонкадан алгандар — 100 сомдон.

Ошондой эле айылда ар бири 250 метр куб суу батырган эки суу сактагыч бар. Бирөөсү колдонулат: бул жерден 190 уй суу ичет. Экинчиси — резервде.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентттигинен Кыдырали айылындагы суу өткөргүчтүн ремонту ар бир үйгө суу түтүгүн орнотууну караган Айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында жүргүзүлгөнүн билдиришти. Ошол себептүү ар бир үйгө суу түтүгүн киргизүү каралган эмес.

Максатсыз сарпталган каражаттар

Эл аралык демөөрчүлөрдүн акчасы дайыма эле максаттуу жумшала бербейт. Бийлик 2000-жылдардын башында эле өлкөдөгү дээрлик бардык айылдарды таза суу менен камсыз кыла турган «Таза-Суу» аттуу дымактуу чоң долбоорду максат кылган.

Программага Чүй облусундагы Сосновка айылы дагы кирген болчу. 2003-жылы 7 млн сомго суу тосмолору оңдолуп, жаңы суу түтүктөрү тартылган, ал тургай сууну хлорлой турган жабдыктар да орнотулган. Бирок жалданма компания жумушту аягына чыгарган эмес, ал эми жергиликтүү чиновниктер кемчиликтерге карабай иштер аткарылганы тууралуу актыга кол коюп берип коюшкан.

Натыйжада, колдонууга берилгенден кийин хлорлой турган жабдуулар иштеген эмес, ал эми кийинчерээк түтүктөр тийиштүү көлөмдөгү сууну өткөрбөй турганы аныкталган. 2016-жылы айыл тургундары 24.kg маалымат агенттигинин журналисттерине кайрылып, эртең менен бир саат жана кечинде бир саат гана суу берилерин айтып нааразы болушкан. Ал дагы ичүүгө жараксыз суу болчу.

«Суу түнкүсүн, колго хлорлонот. Мен дагы бирөө-жарым ууланып калбаса экен деп чочулайм, анткени [хлорлоочу бөлмөдө] жарык жок», — деп айтып берди жергиликтүү суу керектөөчүлөр коомунун төрайымы Любовь Исмаилова.

Кыргызстанда ушуга окшош окуялар аз эмес. Кыргызстанды суу менен камсыз кылуу департаменти 2000-жылдардан кийин суу түтүтүктөрү орнотулуп, бирок оңдоп-түзөөгө муктаж болгон айылдардын өзүнчө тизмеси дагы бар.

Департаменттин директору Сайпидин Момуновдун айтымында келип түшкөн өтүнмөлөр төрт топко бөлүнөт. Биринчиси — суу түтүктөрү орнотулганына 50 жылдан ашкан айылдар. Экинчиси — өткөн кылымдын сексенинчи жылдары салынгандар. Үчүнчүсү — токсонунчу жылдардагы. Төртүнчүсү — 2000-жылдан кийинкилер. Азыр айылдарда 40 жыл мурда курулган суу түтүктөрү оңдолуп жатат, калгандарына кезек жете элек.

Бардык айылдарды суу менен камсыз кылуу үчүн канча каражат керек экенин чиновниктер так айта албайт. Ар бир айыл боюнча өзүнчө план иштелип чыгып, долбоор бекитилет, ал эми макулдашуу бир нече жылдарга созулушу мүмкүн дешти департаменттен.

Суу жок — жооптулар дагы жок

2017-жылы таза сууга кезекке турган жүздөгөн айылдар дагы деле өздөрүнүн убактыларын күтүп жатышат. Бирок өлкө боюнча бул тизмеге кирбей калган калктуу конуштар да бар.

Алардын бири — Ош облусундагы Арык-Бою айылы. 2022-жылдын жаз айларында тургундар жардам сурап «Клоопко» кайрылышкан: айылдыктардын бир бөлүгү суу түтүктөрүн үйлөрүнө тартып алгандан кийин, калган бөлүгү суусуз калган — колонкалар иштебей калган. Эл суу түтүктөрүн капиталдык оңдөп түзөөгө муктаж айылдардын тизмесине киргизүүгө көмөктөшүүнү суранган, бирок көп өтпөй Арык-Бою суу менен камсыздоо программасына кирбей калганы белгилүү болгон. Департаментке жергиликтүү бийлик суу түтүктөрүнүн абалы жакшы деп билдирди деген кеп чыккан. 2016-жылы өйдө жакка ким ушундай отчёт бергенин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу биле алган жокпуз. Бул документ бюджеттик же гранттык каржылоо алыш үчүн тоскоол болобу-жокпу белгисиз.

Ал арада, өлкөнүн экинчи ири шаары Ошто дагы таза суу көйгөйү курч. 2022-жылдын 19-майында шаарда митинг өттү: жыйырмага чукул киши шаар мэриясынын тушундагы аянтка чыгып, «Таза суу», «Миллиондор кайда кетти?», «Укугубуз тебеленип жатат» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Митингге чыккандар мэриянын ишин текшерип, шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн бөлүнгөн акчалар кайда жумшалганын, кайсы иштер жасалганын аныктоону талап кылышты.

Автор: Екатерина Резникова

Көмөктөшкөндөр: Саадат Төлөгөнова,

Айгерим Казыбаева, Гүлзар Маратбек кызы, Элескул Баялиев

Кыргызчалаган: Айпери Хожаева, Алина Касмалиева, Чолпон Бейшелең кызы

Материал «Сорос– Кыргызстан» фонду тарабынан каржылаган «Эл аралык жардамдын мониторинги» долбоорунун көмөгү менен даярдалды. Материалдагы пикирлер жана корутундулар Фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.