Өкмөт: Эми Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттатыш керек болот

Министрлер кабинети Кыргызстанда мындан ары мобилдик телефондорду каттатыш керектигин билдирди. Минкаб чечим аткезчилик жана телефондорду уурдоого каршы күрөшүү максатында кабыл алынганын айтты.

«Уурдалган телефондор атайын программалык каражаттардын жардамы менен тазаланат жана ортомчулар, же интернет аркылуу башаламан базарларда кайра сатылат. Ошол эле учурда ушундай кылмыштардан жапа тарткан адамдар мобилдүү түзүлмөлөрдү жана жабдууларды сатып алууга короткон каражаттарын гана жоготпостон, көп учурларда кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон маанилүү маалыматтарын дагы (байланыштар, билдирүүлөр, башка маалыматтар) жоготушат», — деп белгилешти өкмөттөн.

Ведомстводон өлкөгө мобилдик түзмөктөрдү бажы төлөмдөрүн төкпөстөн аткезчиик жол менен ташып келип жаткан ишкерлер бар экенин, бул адилетсиз атаандаштыкка алып келип жатканын айтышты.

Минкабдын маалыматына ылайык, каттоо:

  • түзмөктөрдү алып келүүнү көзөмөлдөө аркылуу мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө түрткү берет (бажылык тазалоодон өтпөгөн түзмөктөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);
  • уурдалган мобилдик байланыш түзмөктөрүнүн санын азайтат (мобилдик түзмөктөрдү уурдоо маанисин жоготот, анткени уурдалган түзмөктөр өлкөнүн операторлорунун байланыш тармагында иштебейт);
  • жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы адилетсиз атаандаштык жоюлат;
  • мобилдик түзмөктөрдү пайдалануунун коопсуздугу жогорулайт.

Министрлер кабинети мобилдик түзмөктөрдү каттоо тууралуу токмдомдун долбоорун 2021-жылдын декабрында эле демилгелеген.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 18-апрелинде «Электр жана почта байланышы» жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамдарына түзөтүүлөрдү коомдук талкууга алып чыккан. Бул түзөтүүлөр жаңы мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоону талап кылган. Эми өлкөгө алынып келинген баасы үч миң сомдон өйдө мобилдик түзмөктү каттоо үчүн мамлекеттик казынага 700 сом төлөш керек.

Долбоордо мобилдик түзмөктөр алгачкы жолу иштетилип баштаган учурдан тартып 30 күндүн ичинде Мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоодон өтүшү керектиги, болбосо түзмөк байланыш операторунун кызматынан ажыратылары айтылат.

Ушундай эле долбоор 2018-жылы дагы сунушталган. Анда кыргызстандыктар бул идеяга каршы чыгышкан, бирок анда каттоо үчүн чогултула турган акчанын суммасы алда канча төмөн болчу — 100 сом.

Тема боюнча: Телефон, ноутбук, акылдуу сааттарды каттоо үчүн 700 сомдон мамлекетке төлөө сунушталууда