Санмин жаңы смартфондорду милдеттүү каттоо тууралуу түзөтүүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 18-апрелде «Электр жана почта байланышы» жана «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү» мыйзамдарына киргизилген түзөтүүлөрдү коомдук талкууга алып чыкты. Бул түзөтүүлөр жаңы мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоону талап кылат.

2021-жылдын декабрында Министрлер кабинети токтом долбоору менен тааныштырган. Ага ылайык, өлкөгө алынып келинген баасы үч миң сомдон өйдө мобилдик түзмөктү каттоо үчүн мамлекеттик казынага 700 сом төлөш керектиги айтылган.

Ведомствонун пикиринде, түзмөктөрдү каттоо рынокту мыйзамдаштыруунун эсебинен салык төлөөнү жогорулатып, ошондой эле рынокту «контрафакттык» продукциялардан, ал эми гаджеттердин ээлерин аларды уурдап кетүүдөн коргошу керек.

Долбоордо мобилдик түзмөктөр алгачкы жолу иштетилип баштаган учурдан тартып 30 күндүн ичинде Мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоодон өтүшү керектиги, болбосо түзмөк байланыш операторунун кызматынан ажыратылары айтылган.

Мыйзам долбоорунда бул иш мамлекетке эмес, жеке компанияга жүктөлөрү айтылат. Ал өлкөдөгү бардык смартфондордогу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, коомдук талкууда сунушталып жаткан нарк боюнча мамлекеттик органдар тараптан да, оператордук коомчулук тарабынан да сын-пикирлер келген.

Андан соң ведомство маселени чечүүнүн үч жолун сунуштады:

  • мобилдик түзмөктөрдү 700 сомго каттоону күчүндө калтыруу;
  • мобилдик түзмөктөрдү каттоо процессин Санарип өнүктүрүү министрлигине караштыы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өткөрүп берүү жана ага ишке эл аралык тажрыйбасы бар жеке адамдарды тартуу укугун берүү;
  • мобилдик түзмөктөрдү каттоону киргизүүдөн баш тартуу.

Жыйынтыгында Санарип өнүктүрүү министрлиги экинчи вариантка артыкчылык берди.

«Салыштырсак, экинчи вариант алда канча оптималдуу болуп эсептелет, ал мамлекеттин да, коомчулуктун да кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат долбоордо.

Бирок министрликтен жаңы телефондорду каттоонун процедурасы канча турарын жана бул сумманы ким төлөй турганын тактаган жок.

Коомдук талкуудан кийин түзөтүүлөр парламенттин кароосуна жиберилип, депутаттар акыркы чечимди кабыл алат.

Ушундай эле долбоор 2018-жылы дагы сунушталган. Анда кыргызстандыктар бул идеяга каршы чыгышкан, бирок анда каттоо үчүн чогултула турган акчанын суммасы алда канча төмөн болчу — 100 сом.

Тема боюнча: Телефон, ноутбук, акылдуу сааттарды каттоо үчүн 700 сомдон мамлекетке төлөө сунушталууда