Жалал-Абад: Аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу 2-июнда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү Базар-Коргон районунун тургуну милицияга кайрылган. Ал Сузак районунун Кызыл-Туу айылында бир тууган карындашын күйөөсү сабап өлтүрүп койгонун билдирген.

Аталган билдирүү милицияга катталып, ыкчам тергөө тобу жерине барып кароо жүргүзгөн. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эксперт алдын ала берген маалыматында маркумдун башында, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендигин айткан. Аталган жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгон.

Аялдын күйөөсү шектүү катары суралган. Анда ал 29-майда саат 04:00 чамасында аялы менен сөз талаша кетип, «мас абалда болгондуктан» аны урганын айткан. Андан кийин «жарашканын», бирок «эрте менен туруп караганда аялы каза болуп калганын» билдирген.

Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстандагы фемицид

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылды. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп көп учурда жазасыз калышат.

Ошондой эле Кыргызстанда аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Акыркы жылдарда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген фактылары катталып жатат.

2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул үй-бүлөлүк зомбулук 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көбөйдү дегенди билдирет.

Мындан сырткары, көпчүлүк зомбулук жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлор аялдарын өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөө жүргүзүп, аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаарын аныкташкан — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Кененирээк окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү