БУУнун өкүлү имараты жараксыз абалга келген 179 мектепти сүрдүрүп салуу керек деп эсептейт

Сүрөт: БУУнун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер

Кыргызстанда мектептердин басымдуу бөлүгү оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай пикирин Бириккен улуттар уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Анда БУУнун өкүлү Кыргызстан акыркы жылдарда кирешеси аз башка өлкөлөргө салыштырганда бюджеттен билим берүүгө көп акча короткон мамлекеттердин катарында экенин, бирок ага карабай, окуучулардын билим деңгээли төмөн деп бааланып жатканын айткан.

«Билим берүүдөгү чоң проблема – мугалимдердин айлыгы аябай аз, мектептердин басымдуу бөлүгүнө оңдоп-түзөө талап кылынат. 179 мектепти таптакыр түрттүрүп салуу керек. Себеби алардын имараты жараксыз шартта. Мектепте даараткана жок, окуучулар кайда барат», — дейт Оливье Де Шуттер.

Ошондой эле ал башкы көйгөйлөрдү да атап, окуучулар ашыкчө жүктөм менен билим алышып, мектептерде санитардык эрежелер сакталбаганын билдирген.

«Мектеп жетишсиз болгондуктан балдар бир нече нөөмөт менен окушат, класстарда коопсуздук, тазалык нормалары сакталган эмес. 2012-жылдан бери окуучулардын саны кескин көбөйүп, бирок мектептер начарлап, азайып баратат», — деген БУУнун өкүлү.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин шыбы 17-майда урап түшкөн эле. Класстан мугалим менен 16 окуучуну алып чыгышкандан кийин шып дагы бир жолу араган.

№18 Амирабек Чымканаев мектеби курулганына 60 жылдан ашуун убакыт өткөн. Ал эми акыркы жети жылдан бери имарат оңдолгон эмес. Мектеп 240 окуучуга ылайыкташкан. Бирок мектеп жашындагы балдардын саны көптүгүнөн анда 361 окуучу билим алат.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 245 мектеп же ар бир 10чу мектеп авариялык абалда. Ал эми 457 билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай мектептерде билим алган окуучулар жана мугалимдер күн сайын өз өмүрүн тобокелчиликке салышат.

«Клооптун» журналисттери 2021-жылы Кырызстандагы мектептерде окуучулардын саны менен мектептин сыйымдуулу боюнча анализ жүргүзүшкөндө, 360 миңден ашуун бала «ашыкча» билим алып жатканын аныкташкан. Бул балдарды окутуш үчүн мектеп жетекчилиги бир партада үчтөн баланы отургузуп, үч нөөмөт менен окутууга аргасыз.

Оливье де Шуттердин Ошко жасаган сапары

Ушул жылдын 27-майында Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Оливье де Шуттер жакырчылык боюнча мониторинг жүргүзүү максатында Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн.

Анда БУУнун өкүлү Ош шаарындагы жалпы 60 жатаканыны абалы менен таанышып, Черёмушки кичи районундагы № 6 жатаканын тургундары менен жеринен жолуккан.

Оливье Де Шуттер жаткананын ички абалын текшерүүгө алган. Анда суу, ажаткана жана санитария канчалык деңгээлде каралганы боюнча байкоо салышкан.

«Менин ушул тапта аткарып жаткан миссиям жеке үй-бүлөлөргө же биргелешкен топторго жардам берүү эмес. Мен жакырлыкта жашаган адамдарга анализ жүргүзүп, аларды кагаз жүзүндө гана каттабастан, жеринде өз көзүм менен таанышып көрөм жана кыргыз бийлигине жакырчылыктын себептерин айтып, ага чара көрүү боюнча пикиримди билдирип, отчётторду берем», — деген Оливье Де Шуттер.

Ошондой эле БУУнун өкүлү кыргыз бийлиги жана коомдук уюмдар менен жолугушуу өткөрүп, адамдардын турак жайга байланышкан муктаждыктарын чечүү боюнча талкууларды уюштурган.