Аквапаркта чөккөн баланын энеси: Ата-энелерге куткаруучулар болот деп айтышкан

Бишкекте 6-июнь күнү № 95 мектептин 3-классынын окуучусу «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан. Баланын апасы окуянын айрым чоо-жайын айтып берди.

Аялдын айтымында, уулу аквапаркка классташтары менен кеткен. Ал балдардын ата-энелерине окуучуларга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышканын билдирди.

Баланын энеси кырсыктан кийин тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирди. Ал медиктер аквапаркка өзү жетип келгенден кийин гана артынан келишкенин кошумчалады.

Аялдын айтымында, медиктер баланы көрүп, окуучу тез жардам келгенге чейин эле көз жумганын айтышкан.

«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июльда, 10 жашка чыкмак», — деп жазды каза тапкан баланын энеси.

6-июнда Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын башчысы Данияр Абдуазизов «Клоопко» кырсыкка байланыштуу мектептин жоопкерчилигин кароо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Ал балдар [аквапаркка] мектептин демилгеси менен барышканбы же кандай азырынча маалымат жоктугун, сабак учурунда же мектептен тышкары бош убакта барышканбы, белгисиз экенин айткан.

Ал эми Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындаганын маалымдаган.