Бишкекте 3-класстын окуучусу аквапаркка чөгүп кетти. Милиция окуяны териштирүүдө

6-июнда Бишкектеги № 95 мектепте окуган 3-класстын окуучусу Ала-Тоо аквапаркына чөгүп кетти. Бул маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын башчысы Данияр Абдуазизов тастыктады.

Анын айтымында, баланын эмне себептен сууга чөгүп кеткени азырынча белгисиз.

«Мектеп жамаатынын жоопкерчилигин кароо боюнча комиссия түзүлдү. Азырынча балдар [аквапаркка] мектептин демилгеси менен барышканбы же кандай азырынча маалымат жок. Сабак учурунда же мектептен тышкары бош убакта барышканбы, белгисиз», — деди Абдуазизов.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталганын белгилеп, соттук-медициналык экспертиза дайындаганын билдирди.

Тема боюнча:

Өзгөн: Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти