Өлкө мектептерине «Диндердин өнүгүү тарыхы» жөнүндө жаңы сабак киргизилет

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тарта жаңы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Предмет азырынча 9-класстын окуучуларына өтүлөт. Андан кийин 7-8-класстарга да киргизилиши мүмкүн.

Мындай предметтин киргизилиши «соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы» менен түшүндүрүлөт. Бул, документте белгиленгендей, «мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет».

«Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш», — деп айтылат жарлыкта.

Жаңы сабакты диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок мугалидер гана өтө алат. Ошондой эле алардын жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар болушу керек.

Кадрлар жетишпеген учурларда аталган сабакты тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалимдери өтө алат. Мугалимдерге жаңы сабакты өтүүгө уруксат ИИМ жана УКМКнын текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана берилет.

Президент Министрлер кабинетине 9-кластар үчүн мурда иштелип чыккан «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу-методикалык усулун жыйынтыктап, экспертизадан өткөрүп, кайра басып чыгарууну тапшырды.

Ал эми Билим берүү министрлигине жалпы билим берүү уюмдарында менчигинин түрүнө жана формасына карабастан 7-9-класстарга «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин этап-этабы менен киргизүүнү камсыздоо тапшырмасы берилди.

Өлкө мектептеринде «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү аракетти бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Аталган предмет пилоттук долбоордун алкагында 2016-жылы Кыргызстандын 10-мектебине, ал эми 2020-жылы 56 мектепке киргизилген.

«Дин маданиятынын тарыхы» предмети боюнча китеп. Сүрөт: Санжар Эралиев/«Азаттык»

Мындай предметти киргизүү Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2014-2020-жылдарга карата Концепциясында жазылган. Ал Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинин алдында Коргоо кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кыргызстан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов «Дин маданиятынын тарыхы — бул диний предмет эмес, дин таануу предмети» экендигин белгилеген.

«Биз окуучуларга диндин ѳнүгүү маданиятына, жалпысынан эле бүтүндѳй адам баласынын прогресси менен цивилизациясынын ѳнүгүүсүнѳ кандайча таасир эткени жѳнүндѳ айтып, бул жаатта билим беребиз», — деген ал CABAR.asia аналитикалык порталына курган маегинде.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын октябрында «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жаңы концепция «элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоого» өбөлгө болору белгиленген.

Жарлыкта жакынкы беш жылда бул жааттагы мамлекеттик саясаттын максаты «светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу» экени айтылган.

Башкы сүрөт CABAR.asia.