Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жайыттарында 20дан ашык аркардын жана 2300гө жакын ача туяктуу малдын өлүгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМдин Каракол шаарындагы кызматкери Адис Кыдыкбаев билдирди.
Анын айтымында, Жети-Өгүз районунун Кумтөргө жакын сырт тарабында мардарак 1,5 метрлик кар жааган. Ал кар калың түшкөндүктөн ал жерде жайлаган жаныбарларга оттоп, жем тапканга кыйын болуп калганын белгиледи.
ӨКМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» жаныбарлардын өлүмүнүн так себеби азырынча белгисиз экенин, Ысык-Көл облусундагы коруктун кызматкерлери себептерин изилдеп жатышканын билдиришти.
«[Аркар жана малдардын] өлүмүнө кыргын же аңчылык себеп эмес. [Кар көп жаап] жем жоктугунан кырылган болушу мүмкүн. Буга чейин аркарлар мындай көп санда өлгөн эмес. Учурда Ысык-Көл коругу жаныбарлар эмне себептен жапырт кырылганын аныктоого аракет кылып жатат», — деп кабарлашты ӨКМдин басма сөз кызматынан.
Коруктун өзүнөн жайыттарда табылган өлгөн жандыктардын саны болжолдуу гана экенин белгилешти. Алардын маалыматына ылайык, бийик тоолуу аймактарда өлгөн жаныбарлардын саны алда канча көп болушу мүмкүн.
«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы жаныбарлардын кырылуусунун себебин изилдеп жатат. Алар эмне себептен кырылганы так белгисиз. Бүгүн аркарлардын өлүктөрү Балыкчыдагы лабароторияга себебин аныктоого өткөрүлүп берилди», — деди Ысык-Көл коругунун башчысы Руслан Качкынбаев.
Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана аларды атууга мораторий киргизүү сунуштары
Аркар — кызыл китепке кирген жаныбарлар, бирок сейрек кездешсе да аларга аңчылык токтой элек.
Жылына мамлекет аркар атууга 70 лицензия бөлөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, аркар атууга бөлүнгөн 70 лицензиянын баары сатылат. Андан түшкөн сумма 26 миллион 550 миң сомду түзөт. Лицензиясы бар аңчылардан тышкары аркарды браконьерлер да атат.
Аркар — ак илбирстин табигый олжосу. Аркарлардын башы азайган сайын ак илбирс башка аймакка кетет же өлөт.
Парламентте сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий жарыялоо демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Депутаттар 2017 жана 2019-жылдары «Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган — экөөндө тең демилге колдоо тапкан эмес.
Экологдор бул чечимди сындап, Кыргызстан «жаратылышка зөөкүрдүк мамиле кылып жатканын», себеби адамдар курсак тойгузуу үчүн эмес, спорттук кызыкчылыкты көздөп аңчылыкка чыгышууда деп билдиришкен.
«Зоок үчүн аңчылык жаратылышка өтө терс таасир тийгизет. Ал айбанаттардын генофондун бузат. Анткени мактаныч үчүн эң ири, эң кооз, мыкты тукум алып жүрүүчү айбанаттар атылат», — деген ал учурда Дмитрий Ветошкин.
2022-жылы мартта ошол эле мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Документке ылайык, демилге жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сактоо максатында ЦИМ» коомдук бирикмеси, «Жашыл энергия» коомдук фонду, «Экотартип» коомдук фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы», «Грин Кыргызстан» (GreenKyrgyzstan), «Кыргыз эл жаштар кеңеши» коомдук бирикмелери жана активисттердин Жогорку Кеңешке кайрылуусунун негизинде иштелип чыккан.
Материалдын авторлору: Медина Сейитказиева жана Кайрат Бердишалиев.