Азия кубогу-2023, тандоо: Виктор Майер 2 гол киргизип, кыргыз курамасын алдыга чыгарды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы. Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Бишкектин Дөнөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстан менен Мьянманын футбол курамаларынын оюну өтүп жатат. 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо этабындагы беттештин 25и мүнөтүндө кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу Виктор Майер бир гол киргизип, оюн эсебин ачты. Андан соң оюндун 45и мүнөтүндө Майер дагы бир гол киргизди.

Түз эфирден оюнга стадиондон кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова да күбө болуп жатканын көрүүгө болот.

8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Сингапур менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Анда Кыргызстандын пайдасына капитан Валерий Кичин пеналти тээп, Виктор Майер дарбазага сокку уруп гол киргизген.

Азия кубогунун тандап алуу этабы

Кыргызстан курама командасы 14-июнда Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында дагы Тажикстандын курама командасы менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 21:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедеренциясы өткөрөт.

Тема боюнча:

Азия кубогу-2023: Кыргызстан Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди