Азия кубогу-2023: Кыргызстан Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 8-июлда Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагындагы беттеште Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Оюндун экинчи таймындын 54-мүнөтүндө гана эсеп ачылып, Сингапурдун футболчусу Сонг Уй-янг Кыргызстандын дарбазасына бир гол киргизди.

Ал эми беттештин 75-мүнөтүндө кыргыз курамасынын капитаны Валерий Кичин пеналти тээп, эсепти 1:1ге теңдеди.

Андан соң оюндун 81-мүнөтүндө Виктор Майер кайрадан сокку уруп, Кыргызстандын курамасын алдыга чыгарды.

Биринчи тайм:

  • Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Гүлжигит Алыкуловго сары кагаз берилди.
  • 15:00 кыргыз футболчусу Алимардон Шукуров алыстан сокку урду. Бирок топ дарбазанын үстүнөн өттү.
  • 16:47 Кайрат Жыргалбек уулу атаандашынын дарбазасына сокку урду.
  • 19:45 Сингапур Кыргызстандын дарбазасына олуттуу чабуул койду. Анда коргоочулар топту артка кайтарды.
  • 21:47 Кыргызстан тарап дагы бир ирет дарбазага сокку урду. Бирок топ коргоочуга тийип, дарбазага кирген жок.
  • 23:22 Гүлжигит Алыкулов дагы бир чабуул койду. Коргоочу дарбазаны коргоп калды.
  • 25:15 Кыргызстандын дарбазасында кооптуу кырдаал жаралды. Бирок коргоочулар дарбазадан топту алыска тээп салышты.
  • 30:55 Гүлжигит Алыкулов дагы бир чабуул жасады.
  • 32:51 Алимардон Шүкүров Кайрат Жыргалбековго пасс берди. Бирок дарбазага багыттаган жок.
  • 34:27 Сингапурдун оюнчусу кыргыз дарбазасына сокку урду. Бирок топ дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
  • 37:36 Сингапурдун чабуулчусу дагы сокку урду. Кыргыз дарбазачысы Эржан Токотаев топту токтотуп калды.
  • 38:25 Сингапурдун футболсучу Мухаммад Нурадамга Алимардон Шукуровду түртүп кеткени үчүн сары кагаз берилди.
  • 42:18 Кыргызстандын дарбазасында өтө кооптуу абал жаралды. Кыргыз спортчусу Александр Мищенко чабуулду кайтарды.
  • 44:21 Кайрат Жыргалбек уулу сокку урду. Дарбазачы топту тосуп калды.

Экинчи тайм:

  • 46:15 Кыргыз футболчусу сокку урду. Бирок топ дарбазага туура эмес багытталгандыктан, гол кирген жок.
  • 48:43 Кайрат Жыргалбек уулу оң канаттан Сингапурдун дарбазасына сокку урду. Бирок топ дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.
  • 49:57 Кайрат Жыргалбек уулу алыстан сокку урду.Бирок топ дарбазанын кырына тийип артка кетти.
  • 52:50 Сонг Уй-янг кыргыз дарбазасына чабуул жасады.
  • 53:17 Сингапурдун футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун бутун тебелеп кетти. Ага сары кагаз берилди.
  • 54:13 Фархад Мусабеков чабуулга өтүп, сокку ургусу келди. Бирок топту багыттай алган жок.
  • 54:52 Тамирлан Козубаев топко жетпей калып Синугапуртун футболчусу Сонг Уй-янг Кыргызстандын дарбазасына сокку уруп, эсепти ачты.
  • 60:12 Кыргыз футболчусуна сары айып кагазы берилди.
  • 63:43 Гүлжигит Алыкулов сокку урду. Топ дарбазага багытталган жок.
  • 66:12 Кыргыз спортчулары чабуулга өттү. Бирок топ талашып жатып, акыры Сингапурдун коргоочулары топту артка кайтырды.
  • 72:12 Кыргыз курамасында аламшуу болду. Футболчу Эрбол Атабаев Гүлжигит Алыкуловдун ордуна оюнга кирди.
  • 75:42 Сингапурдун оюнчусу Виктор Майердин үстүнө секирип, кыргыз курамасынын капитаны Виталий Кичин пеналти тепти. Ошентип оюн эсеби теңелди
  • 80:20 Кыргыз спортчусу Виктор Майер сокку уруп, гол киргизиди. Эсеп Кыргызстан — 2, Сингапур — 1.

Азия кубогу-2023

Кыргызстан курама командасы 14-июнга чейин Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында үч беттеш өткөрөт. «Ак Шумкар» 8-июнда Сингапур, 11-июнда Мьянма жана 14-июнда Тажикстандын курама командалары менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 21:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедерациясы өткөрөт.