Ош шаарында 65 үй-бүлөгө биринчи ипотекалык көп кабаттуу үйдүн ачкычы берилди

Жаңы батирлүү болгон шаар тургундары жана калаа башчысы Алмаз Мамбетов. Сурөт: Ош шаардык мэриясы 

17-июнда Ош шаарында мэрия тарабынан курулган ипотекалык 90 батирлүү көп кабаттуу турак жайдын биринчиси пайдаланууга берилди. Калаа тургундары үйдү 30%дык алачкы төлөм берип, 4%дык үстөк менен 10 жылга алышты.

Алгачкы ипотекалык турак жай «Достук» кичи районуна салынды. Курулуш иштерин 215 млн сомго «Элит-Строй— Сити» ЖЧКсы аткарган. Ал эми батирлерли атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүргөн.

«Бул көп кабаттуу үй тогуз кабаттуу, 90 батирлүү. 54ү бир бөлмөлүү, 18и эки бөлмөлүү жана 18и үч бөлмөлүү. Батирлер ички жасалгасы менен даярдалган. Бардык коммуникациялар кошулган. Газ, мештер коюлган», — деди калаа башчысы Алмаз Мамбетов.

Ошондой эле мэр ипотекалык үйлөр «калыс бөлүштүрүлдү» деп ишендирип, комиссиянын курамында шаардык кеңештин депутаттары, жарандык активисттер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана журналисттер киргенин айтты.

«Комиссиянын иши дайыма түз эфирде чыгылырылып турду. Биз тараптан ачыктык жана айкындуулук көзөмөлгө алынган. Мындан ары дагы комиссия өз ишинде принципиалдуулукту, тазалыкты туу тутуп, иш алып барышы зарыл. Үйдү бөлүштүрүүдө ачык, таза, коррупциясыз, тааныш-пааныштарды токтотуп, чыныгы үйгө муктаж болуп жаткандарга берели», — деп белгиледи Мамбетов.

Мындан сырткары мэр жакынкы күндөрү ипотекалык негиздеги 80 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилерин билдирди. Учурда 45 батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатканын, дагы үч үйдүн долбоору түзүлүү алдында турганын кошумчалады.

Батирлерди жарандарга бөлуштүрүп берүү комиссиясы тарабынан 65 батир боюнча чечим чыкан. Бирок бүгүн анын 53ү гана тапшырылды. Мунун себебин комиссиянын мүчөсү, «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын башчысы Гүлгакы Мамасалиева төмөнкүдөй түшүндүрдү.

«Биз чечимди 65 батирге чыгарганбыз. Бирок бүгүн жарандар келбей калганына байланыштуу ачкычты 53 адамга гана тапшырдык. Ал эми калган батирлер дагы комиссиянын кароосунда турат. 65 адамдын 17си кезексиз алышты. Алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ооган согушуна баргандар жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирди. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан алар апрелден бери батирдин баштапкы 30%ын дагы төлөшүптүр», — дейт Мамасалиева

Мындан сырткары ал Ош шаардык кеңештин депутаттары ипотекалык негизде берилчү үйлөрдүн шарттарына өзгөрткөнүнө нааразы экенин айтты. Ал буга чейин батирлер 12 жылга 20%дык алгачкы төлөм менен берилмек деди.

«Мында үйгө өтө муктаждардын төлөө мүмкүнчулүгү азайып калат. Ипотекалык үйдү туракка муктаж адам алыш керек», — деди укук коргоочу.

Ошто 2010-жылда болгон «июнь коогалаңынан» кийин мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1 391 батирлүү 42 көп кабаттуу үй салынып, күч органдарынын жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бөлүнүп берилген. Ал эми 2015-жылга карата салынган үйлөрдүн 361и Ош шаарынын мэриясына өткөрүлүп, кийинчерээк муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Оштун тургундарына берилген.

Андан түшкөн каражатка «Достук» кичи районунда ипотекалык турак жай курулду. Жалпысынан мэрия 215 үй-бүлөнү муниципалдык турак жай менен камсыз кылууга ниеттенүүдө.