Жумгалдын пара опузалоого шектелип кармалган судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы Ачылбек Арзиевди кызматынан убактылуу четтетти. Өлкө башчысы жарлыкка 18-июнда кол койду.

Жапаровдун администрациясынын маалыматына ылайык, Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Буга байланыштуу президент аны кызматтан убактылуу четтеттүү жөнүндөгү жарлыкка кол кол койду.

2022-жылдын майында УКМК Нарын облусуна караштуу Жумгал райондук сотунун судьясы кармалып, ага «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМКнын кызматкерлери Башкы прокуратура менен биргеликте Жумгал райондук сотунун судьясы жана ошол эле райондун прокурорунун орун басары тарабынан опузалап акча алуу фактысы болгонун аныкташкан. Прокурордун орун басары акча алып жаткан жеринен кармалганы белгиленген.

«Кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. инициалындагы жарандан акча опузалашкан», — деп билдиришкен УКМКдан.

Ошол эле кезде прокурордун орун басары 2 айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.