Жумгал: Райондук соттун судьясы 50 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 20-майда Нарын облусунун Жумгал районунун прокурорунун орун басары пара алууга шектелип кармалганын кабарлады. Бул ишке райондук судьянын тиешеси бар болушу мүмкүн экени айтылды.

Атайын кызматтан О.Ж.К аттуу прокурордун орун басары ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротууга айыпталган кишинин кылмыш ишин кыскартуу боюнча соттун чечими үчүн 50 миң пара алып жатканда колго түшкөнүн белгилешти.

Андан сырткары бул ишке байланыштуу Жумгал райондук сотунун А.А.М аттуу судьясынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып жатканын кошумчалашты.

Бул факты боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Үстүбүздөгү жылы 16-майда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалган.

Маалыматка ылайык, шектүү 2016-жылы чет элдик С.С. аттуу ишкерге Кыргызстандан Кытайга эшектерди алып чыгууга уруксат алып берем деп убадалап 70 миң доллар алган. Бирок уруксат документтерин дагы, акчасын дагы кайтарып берген эмес.