Ош — Эркечтам жолунда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, төрт өспүрүм ооруканага түштү

Ош — Эркечтам унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам каза болуп, төрт киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 19-июнь күнү саат 08:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Лангар айылында болгон. Ford Focus унаасынын айдоочусу менен Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, жеңил унаанын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болсо, ошол эле унаадагы экинчи жүргүнчү ооруканада каза тапкан.

Автокырсыктан жараат алган төрт бейтап Кара-Суу райондук ооруканасына өтө оор абалда жеткирилген. Эки бейтап кайра жандандыруу, ал эми калган экөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Райондук ооруканынын директорунун орун басары Мунарбек Абдыкалыков «Клоопко» бейтаптардын абалы оор деп билдирди.

«16 жаштагы эки бала баш сөөгүнөн ачык жаракат алышкан жана колу, буту сынган. Ал эми 14 жаштагы эки бала дагы башына катуу сокку алышкан. Алардын биринин оң буту жон санынан сынып кеткен. Бул балдардын дагы абалы оор деп бааланууда. Жараат алган төртөө тең операцияга муктаж. Бирок, абалдарын жакшы кылып алышыбыз керек», — деди ал.

Ушул жылдын 26-май күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөдөн үч адам каза тапкан.

Анда «Волво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркеп бара жаткан контейнер каршы тилкеде келе жаткан «Хендай Портер» унаасынын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаада болгон 6 жаштагы бала жана 36 жаштагы эркек киши жеринде каза тапкан. Ал эми 4 жашар наристе тез жардам унаасында жан берген. Ошондой эле авариядан 29 жаштагы аял киши жабыркаган.