Чоң-Алайда «Хендай Портерге» жүк ташуучу унаанын контейнери кулап, үч адам каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты — экөө жаш бала. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 26-майда болгон. Анда «Волво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркеп бара жаткан контейнер каршы тилкеде келе жаткан «Хендай Портер» унаасынын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаада болгон 6 жаштагы бала жана 36 жаштагы киши жеринде каза тапкан. Ал эми 4 жашар наристе тез жардам унаасында жан берген. Ошондой эле авариядан 29 жаштагы киши жабыркаган.

Жерине тартылган ӨКМдин куткаруучулары каза тапкандарды тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Өткөн жылдын декабрь айында Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда көмүр ташып бараткан жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү жеринде каза тапкан. Ал эми дагы бир жүргүнчү жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, облуста 2021-жылдын он айында 660 унаа кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Ал эми жалпы өлкө боюнча аталган аралыкта 5 437 жол кырсыгы катталып, 587 киши каза тапкан. Ошондой эле кырсыктан 8 298 киши жаракат алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: Көмүр ташыган унаа менен жеңил унаа кагылышып төрт киши каза тапты