Ош шаарындагы карылар үйүнүн жашоочулары жетекчиликтин үстүнөн даттанышты

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгү мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө алып, тургундардын арыз-муңун угуп жатышат.

Калаадагы «Боорукердик үйүн» текшерүү маалында тургундардын бири Жылдыз Ботобаева мекеменин жетекчисине нааразычылыгын билдирди.

Ботобаеванын айтымында, тагасы 18 жылдан бери карылар үйүндө жашап келген. Бирок, жаңы жетекчи келгенден кийин тагасы «бычак көтөрүп жатканын айтып», психикалык ооруканага жаткыруу тууралуу чечим чыгарган.

«“Алып кет” деп бул эже келгенден бери мага тынчтык бербей жатат. Мен тууганыма тамак-аш бергенден ичим оорубайт. Бизде бөлмө жок. Азыр үйгө барып көрсөңөр дагы болот. Мен азыр кийимдерин жыйнап жатсам, баары келип, “Бул бычак көтөрбөйт. Биз ушунча жылдан бери чогуу жашап жатабыз. Мунун бир бычак көтөргөнүн көргөн жокмун” деп жатышат. “Эмнеге алып кетип жатасың? Бул кетип калса, биз зээригебиз” дешти», — деп түшүндүргөн Ботобаева.

Мындан сырткары «Боорукердик үйү» борборунда жашаган эне кызматкерлер ооруканада барганда жол акысын жана тамак-ашка да «акча сурай беришет» деп даттанган.

«Ооруканага барыш үчүн бензинге деп 200 сом алат. Түштөнүүгө деп 300 алат. Болбосо «түш, такси менен кет» деп жатат. Бир жолу 500 сом бердим. Бир жолу болсо 300 сом бердим. Эми башка бере албайм кыздарым дедим», — дейт карылар үйүнүн жашоочусу.

Жетечилик эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык «Боорукердик үйү» интернатына жаңы дайындалып келген Айгүл Калматова Ботобаеванын тууганы психикалык жактан жабыркай турганын билдирди. Ал башкаларга зыян тийгизбеш үчүн аны стационардык мекемеге которуш керектигин айтат.

«Азыркы учурда биздин өзүбүздүн психологубуз бар. Ал психолог тарабынан ар бир карыяга жеке карта түзүлүп жатат. Бизде эки жаранды тийешелүү стационардык мекемеге жайгаштыруу боюнча иш кагаздар жүргүзүлүүдө. Бирок, бир карыяны тууганы мен ал жакка жибербеймин деп өзү менен алып кетип калды», — дейт ал.

Ошондой эле мекеме жетекчиси кызматкерлер тарабынан карыялардан «эч кандай акча алынбайт» деп ишендирди.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор эмне дейт?

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун Оштогу жетекчиси Улугбек Абдилазизов «Клоопко» текшерүүнүн жүрүшүндө «Боорукердик үйү» интернатына гана даттануулар болгонун билдирди.

«Биз карыянын оорусу боюнча анализдердин жыйынтыгын көрдүк. Чынында эле ал кишиге үй интернатында калганга болбойт экен. Ал жерде жаш балдар дагы жашайт. Андыктан кооптуу. Аны Үч-Коргондогу психоневрологиялык интернатына которуу боюнча жетекчиликке сунуш айттык. Бирок аксакалды тууганы өзүнүн үйүнө алып кетиптир», — дейт ал.

Ошондой эле эгерде аларга жарандар кыйноолорго кабылып, аларга арыз менен кайрыла турган болсо, «Стамбул» протокол түзүүнүн негизинде иш алып барыша турганын билдирди.

«“Стамбул” протоколу деген бар. Анда кыйноого кабылган адамдын денеси тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт. Биз бул текшерүүнү врачтар менен бирге өткөрөбүз. Андан кийин документтердин баарын чогултуп, арыздардын негизинде прокуратурага өткөрүп беребиз. Андан ары прокуратуранын ишин сурап, жыйынтыгы эмне болгонун билип турабыз», — деди Абдилазизов.

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борбору — бул эркиндиктен ажыраган жана абакта кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну алдын алуучу көз карандысыз орган.

Аталган борбор ИИМнин, УКМКнын, ЖАМКтын мекемелерин, министрликтерге караштуу мекемелерди, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Мамлекеттик бажы кызматынын мекемелерин, Мамлекеттик миграция кызматынын мекемелерин, жеке менчик балдар үйлөрүн, Диний уюмдардын алдындагы жеке менчик балдар үйлөрүн жана жетим балдарды багуучу, тарбиялоочу мекемелерди текшере алат.