Жалал-Абад: Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду

22-июнда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык таң эрте саат 6:00 чамасында Бишкек — Ош автоунаа жолунун 448 чакырымында болгон. Күйүүчү май ташуучу «Волво» үлгүсүндөгү унаа жолдун четине чыгып, өрттөнүп кеткен.

Жарылган автоунааны өрт каптап айдоочусу каза болгон.

Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өрт өчүрүүчү кызматкерлери саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да өрт толугу өчүрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү Жалал-Абад облусунун Бишкек — Ош унаа жолунда эл ташыган «Хонда-Степ» менен «Митсубиси» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, эки киши жеринде каза болгон. Кырсыктын кесепетинен дагы 10 киши жабыркаган.