Жалал-Абад: Жол кырсыгынан эки киши каза болуп, дагы 10 адам жабыркады

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эл ташыган «Хонда-Степ» менен «Митсубиси» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, эки киши каза болду. Авариядан дагы 10 киши жабыркады.

Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2-май күнү 18:30дар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 554-чакырымында катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Митсубиси» унаасынын 61 жаштагы айдоочусу жана 21 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган.

Мындан сырткары, авариядан дагы 10 жүргүнчү ар кандай жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында 3 жаштагы наристе дагы бар.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 62-чакырымында «Тайота Авенсис» менен «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан 69 жаштагы эркек киши жана 65 жаштагы аял жеринде каза болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон эки киши Казакстандын Жамбыл облусунун тургундары болгон. Ал эми жабыркаган дагы эки киши райондук ооруканага жеткирилген.