Иллюстрация: Алина Печёнкина атайын Kloop үчүн. 

Акыркы үч жыл ичинде жалпы суммасы 56 млрд сомду түзгөн 22 миңден ашык тендер аягына чыкпай калган — же өткөн жок деп таанылбай же жокко чыгарылган жок. Ал эми бөлүнгөн каражат кайда кетти — белгисиз. «Тыянагы белгисиз» тендерлердин көпчүлүгү Бишкек аэропортуна, ИИМдин ички аскерлерине, «Электр станциялары» менен УКМКга таандык.

2022-жылдын 18-апрелинен тартып менчик үлүшүндөгү мамлекеттин акциясы 50%дан ашкан мамлекеттик мекеме-ишканалар, акционердик коомдор тендер өткөрбөстөн эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө укук алышкан. Бирок бул түзөтүүлөр күчүнө киргенге чейин эле, алардын көбү мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды аткарууга шалаакы мамиле жасап, конкурстарды аягына чыгарышкан эмес.

Адатта тендер кандай өтөт?

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер товарларды жана кызматтарды тендер аркылуу — ачык соодалашуу жолу менен сатып алат. Анда жеткирүүчүлөрдүн сунуштамалары каралып, баасы жана сапаты боюнча мыктысы тандалат. Тендердин баары атайын сайтта — мамлекеттик сатып алуулар порталында жүрөт.

Тендер бир нече этап менен өтөт. Алгач сатып алуучу тарап конкурс тууралуу жарыялайт — кандай товарды же кызматты, кайсы баада сатып алары тууралуу маалымат берет. Жеткирүүчүлөргө сунушту даярдап, тиешелүү документтерди топтоого убакыт берилет.

Алдын ала белгиленген күнү, кайсы бир убакытта атайын комиссия жеткирүүчүлөрдүн сунуштамаларын карап, конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт. Натыйжада тандалган компания менен келишим түзүлөт.

Конкурстун ар бир этабы тууралуу кеңири маалымат порталга жарыяланып турууга тийиш. 2020-жылдын декабрь айынан тартып келишимдин өзү да ачык-айкын болуп, порталга жарыяланышы керек эле. Бирок порталда азыркы күндө дагы келишимдер жайгаштырылган эмес. Ал тургай — сайтта бүгүнкү күнгө чейин келишимдер үчүн атайын бөлүм жок. Жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимдин толук текстинин ордуна, мамлекеттик ишканалар макулдашуунун номерин жана түзүлгөн күндү көрсөтүп коюшат.

Бирок бул дагы кээде гана.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында «жоголгон» миллиарддар

Open Contracting Partnership түзгөн мамлекеттик сатып алууларды анализдөөчү модулдун маалыматына таянсак, 2019-2022-жылдар аралыгында 22 миңден ашуун тендер келишимге кол коюу менен аяктаган эмес. Алардын жалпы суммасы — 56 млрд сомду түзөт! Тагыраак айтканда, алардын жыйынтыгы түшүнүксүз: бул конкурстардын 85%да жеңүүчү табылган, бирок келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат порталга жарыяланган эмес.

Ошол эле учурда, тендер артка кайтарылганы же жокко чыгарылганы тууралуу дагы маалымат жок — булар ортоңку эатаптардын биринде «катып калган».

Жыйынтыкталбаган тендердин көбү «Түндүк электр» жана «Электр станциялары» ачык акционердик коомдоруна, «Кыргызнефтегаз» ААК, УКМК, «Ош электр» жана «Манас эл аралык аэропортуна» таандык. 

Мында кеп бир нече миң же жүз миң сомдук майда сатып алуулар тууралуу эмес, миллиарддаган сом каражат тууралуу сөз болууда. Маселен, 2022-жылдын апрель айында «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 315 млн сомго мунай скважиналарындагы гидравликалык жардыруу жумуштарын сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Конкурста бул жумушту 307 млн сомго аткарууну сунуштаган «Энергоресурсы Средней Азии» ишканасы жеңишке жеткен. Бирок бул компания менен келишим түзүлдүбү — баарынан да маанилүүсү — компания милдеттенмелерин аткардыбы белгисиз. Бул тууралуу порталда маалымат жок.

Экинчи мисал. 2021-жылдын февраль айында, бир жылдан ашуун убакыт мурда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарында көп кабаттуу турак-үй куруу үчүн дээрлик 581 млн сомго тендер жарыялаган. Мында «СМУ-3» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, көп кабаттуу үйдү 80 млн сомго арзан курууну убадалаган. Компания бул милдеттемени аткардыбы же жокпу биз эми эч качан биле албайбыз — келишим кол коюлган датаны жана сметанын жалпы суммасын УКМК ошол бойдон порталга жарыялаган жок.

2021-жылы мындай «катып калган» тендерлердин саны 836га жеткен — жалпы суммасы 12 млрд сомго жакын. Мисалы, «Электр станциялары» ишканасы 8 млрд сомго 451 тендер өткөрүп, бирок келишим аягына чыкканы тууралуу бир дагы маалымат жарыялаган эмес.

Ушундай эле көрүнүш дагы төрт ишканага мүнөздүү — «Кыргызнефтегаз», «Түндүк электр», «Ош электр» жана УКМК — мамлекеттик сатып алуулар порталына таянсак, келишимдердин баары «жыйынтыкталбай, кол коюуну күтүп турат.

«Клооптун» журналисттери мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн компанияларга расмий сурам кат жөнөттү. Макала жарыяланган учурда алардан жооп келген жок.

Бул эмне үчүн кооптуу?

Мыйзамга ылайык, сатып алуучу тарапка тендердин жеңүүчүсүн аныктоого 20 күн убакыт берилет.

Конкурс тууралуу бардык маалымат — сатып алуучу компаниянын аталышы, товар же кызматтын аталышы, сатып алуунун методу, жарыянын чыккан күнү, сунуштамалар ачылган дата — келишим түзүлгөндөн кийин бир жумушчу күндүн ичинде порталга жарыяланышы керек (Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын 27-беренеси).

Ал тургай, мыйзам боюнча, келишимдин тексти дагы ачык болууга тийиш. Анткени келишим жарыяланбаса, тараптар жабык тартипте анын шарттарын өзгөртүп коюушу мүмкүн: сатып алынып жаткан товар же кызматтын санын, келишимди аткаруу мөөнөтүн, эң негизгиси — сатып алуунун суммасын. Жана бул тууралуу эч ким, эч убакта билбей да калат.

Коррупциялык тобокелдиктерди минимумга жеткирүү үчүн, бардык сатып алуучу компаниялар өздөрүнүн сатып алуулары тууралуу маалыматтарды өз убагында жаңылап турушу керек. Бирок, «Клооп» аныктагандай, өлкөдө тендер процедуралын тоготпогон «тандалма топтор» бар. Эми алар тендер өткөрүүдөн таптакыр эле бошотулду…

Авторлор: Бегайым Талантбекова, Алина Касмалиева, Дилде Шатанова

      Редакторлор: Дмитрий Мотинов, Екатерина Резникова

Материал Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун «Meдиа-K» долбоорунун дата- журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Чолпон Узакбаева. Материалдагы пикирлер жана жыйынтыктар Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын билдирбейт.