Иллюстрация: Алина Печёнкина

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар товар жана кызматтарды тендер өткөрбөй эле түз сатып алса болот. Ал тургай сатып алуулар жөнүндө маалыматтар да порталга жарыяланбайт. Бул бардык сатып алуулардын үчтөн бири көмүскөгө кетет дегенди билдирет. Кимден эмне сатып алганын, баасы канча экенин көрүүгө мүмкүн болбой калат, ал эми жең ичинен сүйлөшүүлөр менен коррупцияны иликтөө кыйындайт.

Сайт аркылуу коррупцияны кантип аныктаса болот?

Бир нече курулуш фирмаларына ээлик кылган Жапар Асанов аттуу оштук ишкер Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) тендерлеринде 6 млн сом акча тапкан. Асановдун компаниялары аукциондорго катышып, акыркы 3 жылда 47 жолу жеңишке жетишкен. Бирок маселе башкада — Асанов өзүнүн эле компанияларын тендерге катыштырып, жасалма атаандаштык жараткан. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам ушул сыяктуу схемаларды түзүүгө кескин тыюу салат, бирок ОшМУ бул мыйзам бузууларга көз жумуп, Асановдун компаниялары менен келишим түзүп турган.

Экс-депутат, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси боюнча комитетинин мүчөсү Абдимуктар Маматовдун уулу Акылбек мамлекетке күйүүчү май сатып, 1 млрд сом киреше тапкан. Бул таңгалыштуу деле эмес, анткени Маматовдун уулуна өлкөдөгү күйүүчү май сатуучу Red Petroleum ири компаниясы таандык. Ал эми Акылбектин компаниясы атасы парламент креслосун ээлеп турганда тендерлерди утуп багы ачылган. Анткен менен мыйзам депутаттардын балдарына мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салат.

Мындан дагы татаал схеманы Болот Темировдун командасы аныктаган. 2021-жылы «Унаа» мамлекеттик ишканасы «Госзнак» компаниясынан 518,5 млн сомго унаанын техникалык паспорту менен айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алган. Бир караганда ачык-айкын көрүнгөн келишимдин артында бир топ былык иштер болгон.

Анткени, «Унаа» мамишканасын ал кезде президент Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев башкарып турган. Ал эми анын кызы Айгерим Тогузбаева «Госзнактын» тендерлерин байма-бай утуп келген «Деловая стратегия» компаниясын жетектейт. Ал эми схема мындай болгон: Түмөнбаевдин көмөгү менен «Унаанын» сатып алууларынан «Госзнак» пайда көргөн. Мамлекеттик ишкана өз кезегинде аткаминердин кызын буйрутма менен камсыздап турган. Схеманын бети ачылганда Түмөнбаев кызматтан кеткен.

Бул иликтөөлөрдүн баары Мамлекеттик сатып алуулар порталынын — тендерлер өткөн электрондук аянтчанын жардамы менен жүргүзүлгөн. Мамлекеттик ишканалар кандай кызматка же товарга муктаж экенин жарыялайт, жеткирүүчү компаниялар кызматын жана бааларын сунуштайт. Атайын комиссия сунуштардын жакшысын тандап, конкурстун жеңүүчүлөрү менен келишим түзүлөт.

Порталдын негизги артыкчылыгы — маалыматтардын ачыктыгы. Каалаган адам сайтка баш багып, мамлекеттик ишканалар кимден, кандай баада эмне сатып алганын көрө алат.

Open Contracting Partnership уюму иштеп чыккан аналитикалык модулдун маалыматына караганда, 2019-жылдан 2022-жылга чейин мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу 3,6 миң мамлекеттик ишкана 15 миңден ашуун компания менен келишим түзгөн.

Коррупцияга каршы күрөшпү же көз боёмочулук ыкмасыбы?

Бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин, 2021-жылдын 29-июлунда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, бир жылдык сатып алуунун суммасы 5 млн сомдон ашпаса, бардык мамлекеттик мекемелерге конкурс өткөрбөй эле, компаниялар менен түз эле келишим түзүүгө уруксат берилген. Буга чейин дагы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жеңилдиктер берилген — айыл өкмөттөр жылына 1 млн сомго чейинки каражатка түз сатып алууларды ишке ашыра алган.

Аталган норма өтө чоң эмес суммага сатып алууларды жүргүзгөн мамлекеттик ишканалардын ишин жеңилдеткени менен коррупциялык тобокелчиликтерди камтыган. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги 2013-жылы эле эскерткен. БУУ дагы ушундай эле пикирди карманат.

«Өтө жүйөөлүү себеп болгондо гана, стандарттуу процедураларды жүргүзүүгө убакыт жок болсо, кырдаалды божомолдоо мүмкүн болбогон шартта жана ага сатып алуучу компаниянын күнөөсү болбогон болсо кечиктирилгис муктаждыктан улам бир булактан сатып алууга жол берилиши керек», — деп белгиленет БУУнун ачык сатып алуу тармагындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча колдонмосунда.

Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгү түз сатып алууларды жогорудагы норманы көзгө илбей жүргүзүшөт. Мисалы, 2020-2021-жылдары, коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн товар сатып алабыз деген шылтоо менен бюджеттик ишканалар өсүмдүктөрдүн уругун, мейманкана кызматтарын, ал тургай жолбун иттерди атуу кызматын сатып алышкан.

2022-жылдын апрель айында мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына кайрадан өзгөртүү кирген. Мамлекеттин үлүшү 50%дан ашкан муниципалдык ишканалар жана акционердик коомдор мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын таасиринен бошотулду. Эми алар каалаган товарларды жана кызматтарды тендер өткөрбөй эле сатып алат. Ал эми мыйзам кабыл ала электе президент Садыр Жапаров «“тендер” деген балакет жоюлса коррупция азаят» деген пикирин айткан.

Депутат Дастан Бекешев тендерден баш тартуу тескерисинче коррупцияны күчөтөт деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттик ишканалар 2015-жылдан тартып эле мыйзамдын таасиринен чыгууну самап келишет.

«Мамлекеттик компаниялар жең ичинен тууган-уругу же тааныштары менен алды-сатты жасап, жабык түрдө келишимдерди түзө башташат», — деп түшүндүрдү эл өкүлү позициясын. — «Керек болсо, биз алар кимдер менен кандай бүтүм түзүп, эмне сатып алып жатканын билбей калабыз. Мисалы, "Кыргыз темир жолу" менен "Манас аэропорту" сыяктуу мамлекеттик ири компанияларга ушундай уруксат берсек, анда аларга табылбай эле калат. Алар жыл сайын бир жерде 3-4 жолу оңдоо иштерин жүргүзүп, мамлекеттик каражатты уурдап, коррупция кайрадан күчөйт».

Бекешев «Кыргыз темир жолундагы» ири коррупциялык иштер мамлекеттик сатып алуулардагы ачык маалыматтардан улам ачыкка чыкканын эске салды. 2021-жылы Factcheck.kg басылмасынын журналисттери мамлекеттик ишкананын тендерлерине төрага Василий Дашков менен байланышы бар компаниялар катышып келгенин аныкташкан.

Тема боюнча: «176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?

Миллиарддар көмүскөдө калат

Мыйзамга кирген түзөтүүлөр Кыргызстандагы бери дегенде 232 компанияга тиешелүү. Алардын арасында «Манас эл аралык аэропорту», «Улуттук энерго холдинг», «Альфа-Телеком» (Мегаком), «Түндүк электр», «РСК Банк» бар. Бул компаниялардын толук тизмеси менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Эми мындай мекемелер сатып алган товарлардын техникалык мүнөздөмөсү, саны жана баасы порталга жарыяланбайт. Мамишканалар мыйзам талабына карабай, түзүлгөн келишим тууралуу маалыматтарды сайтка чыгарбаганын эске алганда, мындай сатып алууларды көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат.

Анан калса, ар бир төртүнчү келишим жеткирүүчү компания менен түз түзүлгөн, калган учурда — тендер өткөн.

Эми мындай мекемелер сатып алган товарлардын техникалык мүнөздөмөсү, саны жана баасы порталга жарыяланбайт. Мамишканалар мыйзам талабына карабай, түзүлгөн келишим тууралуу маалыматтарды сайтка чыгарбаганын эске алганда, мындай сатып алууларды көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат.

Авторлор: Бегайым Талантбекова, Алина Касмалиева, Дилде Шатанова

Редакторлор: Дмитрий Мотинов, Екатерина Резникова, Элвира Султанмурат кызы

Материал Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун «Meдиа-K» долбоорунун дата- журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. 

Программанын менторлору: Андрей Дорожный, Айзада Тома жана Чолпон Узакбаева. Материалдагы пикирлер жана жыйынтыктар Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын билдирбейт.