Султанбеков: Акылбек Жапаров казино аркылуу кылмыштуу кирешелерин адалдагысы келет

«Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров казино аркылуу өзүнүн кылмыштуу жол менен келген кирешелерин легалдаштырууну каалайт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-июнда журналисттерге курган маегинде билдирди.

«Садыр Жапаровду көп коррупционерлер коштоп жүрөт. Ал өзү деле интервьюсунда Акылбек Жапаров коррупционер экенин ачык эле тастыктаган. Президенттин эсине өзүнүн айткандарын эстетким келет. Баарынан да [Акылбек Жапаровдун] сунуштары менен кеңештерин кылдат текшерүү керек. Менин оюмча Акылбек Жапаров өзүнүн кылмыштуу кирешелерин адалдаштырууну көздөп жатат», — деди Султанбеков.

Султанбеков казино өлкөнүн бюджетине акча алып келбейт, ал тургай мыйзамга каршы иштейт деп эсептейт.

«Мисалы Райым Матраимовдон (коррупцияны мойнуна алган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынан) акчаны кайдан алганын дайыма сурашат, ал болсо жооп бере албай келет. Эми бул тууралуу кийин сураганда казинодон утуп алдым деп жооп берет. Башкача айтканда, ар бир коррупционер кирешесин оңой эле мыйзамдаштырып калат […]. Казино мыйзамдаштырылган жерде баңгизаттын жеңил түрлөрү жана сойкулук да мыйзамдаштырылган. Казино баңгизат менен сойкулуктун өнүгүшүнө салым кошот», — деп эсептейт саясатчы.

Султанбековдун пикиринде, чет өлкөлүктөр казино ойногону Кыргызстанга келбейт, анткени өлкөдө адамдардын жеке маалыматтары тиешелүү деңгээлде корголбойт.

«Байлардын баары казино ойногону келе баштайт деген болбогон кеп. Казинодо адамдын жеке маалыматтары корголушу керек. Ал эми казино боюнча мыйзам УКМКнын жарандарды соттун чечимисиз тыңшоо мыйзамы менен бирге кабыл алынып жатат. Эч ким адамдын жеке маалыматтары корголбогон, бийлик жарандарды аңдып-тыңшаган өлкөгө казино оюндары үчүн келбейт. [...] Казиного уруксат берилген бардык өлкөлөрдө адамдардын жеке маалыматтары корголгон, ал эми биздин өлкөдө ал жок, демек байлар келбейт», — деп белгиледи ал.

Кыргызстанда казино ачуу аракети

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы бөгөт коюлган. 2015-жылы тотализатор жана букмекерлерге тыюу салынган. Бирок андан бери көмүскө иштеген кумарканалардын бети ачылып турган.

Кумарканаларды легалдаштыруу мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыгып, 2022-жылдын март айында коомдук талкууга алып чыккан.

Парламенттин 22-июндагы жыйынында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Анткен менен жыйында чуу чыгап — бир нече депутат добуш бербей мыйзам долбооруна добуш берүүгө бөгөт коюуга аракет кылышты. Ошентип мыйзам долбоору беш жолку аракеттен кийин гана кабыл алынды.