«Кечиктирилгис түрдө». Чет элдиктерге кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыкты. Ага ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик конторалар жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыргысы келет.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде долбоор «инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү» максатында иштелип чыкканы ай тылат.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек жарандар кумарканалардын кардары боло албайт.

Документке ылайык, оюн-зоок ишмердүүлүгүн ЖЧК жана ЖАК формасындагы юридикалык жактар гана жүргүзө алат. Ал эми ишмердүүлүктү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзсө болот. Лицензиянын төлөмүнүн өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт.

Экономика министрилиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштады. «Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт», — деп эсептешет документтин авторлору.

Кумарканалар

2012-жылдын 1-январында Кыргызстандын аймагында кумар оюндарына тыюу салынган, ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген.

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке миллиарддаган киреше алып келерин белгилеген, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатарын кошумчалаган.

Бирок президенттин демилгесине чейин эле алтынчы чакырылыштын депутаттары биринчи окууда Ысык-Көл облусунда казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Документте Тамчы аэропортунун базасынан 1200 гектар жер бөлүп берип, аталган аймакка чет элдиктерге «кумар оюндары үчүн уруксат берилген жети көңүл-ачуучу мейманкана» борборун куруу сунушу айтылган.

Бул демилгеге ылайык, кумарканалар ушул гана аймакта иштеп, кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынмак. Анда мыйзам долбоорунун демилгечилери курмакана аймагы жумуш орундарын түзүүгө жана бюджетти толтурууга өбөлгө болот деп белгилешкен.

Мыйзам долбоорунун биринчи окуудан кабыл алынышы коомдук сынга алынган, себеби Орозо айы менен туш келип калган болчу. Айрым депутаттар добуш берүү бүткөндөн кийин долбоорду кайра добушка коюуну сунушташкан.

Президент Садыр Жапаров ошол учурда «эгер коомчулук таптакыр каршы чыкса» мыйзам долбооруна вето коюуга даяр экенин билдирген. Биринчи окуудан кийин парламент бул мыйзам долбоорун кайра карай элек.