Жогорку Кеңеште мунапыс берүү мыйзам долбоору талаш-тартыштарды жаратты

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында «Жеке жактардын активдерин легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө коюлду.

Бирок депутаттардын көпчүлүгү каршы добуш бергендиктен, парламенттин төрагасы Талант Мамытов беш ирет добушка коюуга аргасыз болду. Эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нуржигит Кадырбеков, Элвира Сурабалдиева жана Динара Ашымова добуш берген жок.

Масалиев добуш бербегенин мыйзам долбоорунда бардык кылмыш жасагандарга мунапыс берилери жазылып калганы менен түшүндүрдү. Ал мыйзам колдоо тапса адам өлтүргөндөр, коррупционерлер дагы кечириле турганын эскертти.

«Кокустан кетип баратып добушка койгон туура эмес. Анын убакыт, сааты бар. “Боло берет, мурда деле болчу” деген нерсе аргументке жатпайт. Талкуу болуп атканда өкмөттүн өкүлү коррупционерлерге берилбейт деп айткан. Мыйзамды карап чыксак, бардык кылмыштар туш келет экен. Биз буга барбашыбыз керек», — деп кесиптештерине кайрылды.

Ал эми өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбооруна добуш берүүнү кийинки отурумга жылдырууну сунуштады. Бирок анын сунушу парламентте талаш-тартыш жаратып, төрага Талант Мамытов күн тартибиндеги башка мыйзамдарга добуш берилген соң карайлы деген чечимге келди.

Депутат Марлен Маматалиев парламенттин регламентине ылайык, мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлгөн соң күн тартибинен алып салууга мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ал эми Балбак Түлөбаев депутаттардын добуш бербей жатканын «шоу эмес, саясий упай топтоо» деп атап, добуш берүү учурунда депутаттарга сөз берген төрага менен орун басарларын «бекем турбайсыңарбы» деп сынга алды.

Бирок аягында Талант Мамытов мыйзам долбооруна добуш берүүнү кийинки отурумга жылдырды.

Буга чейин «Жеке жактардын активдерин легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатканда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийлик мыйзам долбоору аркылуу ууруларды мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын айткан.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү жооп берип, мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салыктын көлөмүн көбөйтүү деп ишендирүүгө аракет кылган.

Тема боюнча:

Мадумаров активдерди легалдаштыруу тууралуу: Ууруларды мыйзамдаштыралы деп жатасыңар