Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган балдар Ысык-Көлдө эс алууда

Баткен облусундагы ата-энесинен эрте ажыраган, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөрдөн 62 жаш бала Ысык-Көл облусунда эс алып жатышат.

Балдардын жайкы эс алуусун «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фонду «Балдар дагы эс алгысы келет» деген долбоорунун алкагында уюштурганын облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда балдар «Рух Ордо» комплексине барышып, Алыкул Осмонов атындагы чоң кемеде Ысык-Көлдү кыдырууда.

Мындай иш-чара өткөн жылы да уюштурулган. Анда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 140 жаш бала эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн.

Балдар алты мугалими менен бирге Ысык-Көлдө 10 күн эс алышкан. Кийинчерээк алар Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинде дагы 15 күндүк эс алууда болушкан.

Аталган демилгени коомдук ишмер Ассоль Молдокматова уюштуруп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырган.