Чек ара жаңжалында жабыркаган балдар Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 140 жаш бала эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу 27-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Балдар алты мугалими менен бирге Ысык-Көлдө 10 күн эс алышат. Кийинчерээк алар Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинде дагы 15 күндүк эс алууда болушат. Жаш балдар Ош аэропортунан аркылуу Тамчы шаарына учушат.

Аталган демилгени коомдук ишмер Ассоль Молдокматова уюштуруп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашып жатат. Молдокматова Баткен облусунан келген балдар American School лагерине жайгаша турганын буга чейин фейсбуктагы баракчасында жазган.

Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алып, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик