Иллюстрация: Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн

Улуттук банк азыркы тапта Кыргызстанда накталай АКШ доллары тартыш экенин, мындан улам калктын чет элдик валютага болгон талабы толук аткарылбай жатканын билдирди.

«Клооп» доллар жана еврону накталай сатууга чектөө коюлганбы же жокпу деген суроо менен өлкөдөгү 17 коммерциялык банкка телефон чалып чыкты.

Сурамжылоого алынган үч банк аларда чет өлкөлүк валютаны сатып алууга чектөө киргизилгенин тастыктады. «Бай-Түшүм» банкы бир күндө бир кишиге 100 же 200 евродон ашык валюта сатпайт, «Оптима» 1000 доллар (еврого чектөө жок), ал эми Demirbank’тан 50 миң сомдон ашпаган көлөмдө кайсыл гана валюта болбосун сатып алса болот.

«Компаньон» банкынан кассада доллар менен евро такыр калбаганын айтышты. «Аманбанкта» деле ошондой абал — кассаларда бир айдан бери накталай доллар жок деп билдиришти.

«Азия Банкынан» валюта абдан аз болгондуктан дээрлик сатылбай калганын, бирок валюталык эсебинен накталай акча чыгарам деген кардарларга берилерин билдиришти.

Капитал Банктын» кардарлары эсебинен доллар чыгаруу үчүн 2-3 күн мурда банкка арыз менен кайрылышы керек — бул аралыкта банк зарыл болгон накталай сумманы чогултуп берет.

«Кыргызстан» банкында валюта сатууга чектөөлөр кирген эмес деп билдирип, бирок бир кишиге100 доллардан же евродон ашыкча бербөөгө аракет кылып жатканын билдиришти.

«Айыл Банк», «Халык» жана «Бакай» банк казыналык менен макулдашкандан кийин гана доллар сата алат.

Биз кайрылган башка банктар кассада чет элдик валюта болсо, эч кандай чектөөсүз эле сата турганын айтышты.

Бул шарт — маанилүү тактоо. Кассада накталай валюта болбой да калышы мүмкүн.

Андан тышкары, «Клооптун» кабарчылары Бишкектин Моссовет, Тунгуч жана Аламедин -1 кичи райондорундагы акча алмаштыруучу жайларды кыдырды. Кабарчылардын максаты — 1000 доллар же евро накталай сатып алууга болобу аныктоо. Дээрлик бардык акча алмаштыруучу жайлар эч тоскоолдуксуз эле доллар, евро сатты. Моссоветтеги бир гана пунктта 25-июнда доллар дагы, евро дагы жок болуп чыкты.

Акча алмаштыруучу жайлардын «Альянс» ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскуловдун айтымында, банктардан айрымаланып, акча алмаштыруучу жайларда накталай доллардын тартыштыгы маселеси жок.

«Накталай доллар бар — Моссовет же “Дордойдогу” акча алмаштыруучу жайлардан керектүү көлөмдө тапса болот», — деп ишендирди ал.

Доллар өлкөдөн чыгарылып жатат

Улуттук банк чет элдик валютанын жетишсиздигин — чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүрүүдө. Банктан Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлганын эске салышты — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген. Мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келди деп айтышты Улуттук банктан.

«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп айтып беришти «Клоопко» Улуттук банктан.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында Кыргызстандан накталай валютаны чыгарып кетүүнүн схемасын түшүндүрүп берди.

«Кээ бир физикалык жактар акча которуу системалары аркылуу Орусиядан Кыргызстанга [рубль]салып, бирок аларды доллардын накталай эмес жагымдуу курсу менен америкалык валютага которуп жатышат. Мисалы, жогоруда айтылгандай биржада курс 51 рубль болсо, алар накталай эмес долларды 53-54 рубль менен конвертация кылышат. Кыргызстанда болсо котормолорду накталай доллар менен берүүсүн талап кылышат. Накталай акчаны Орусияга чыгарып, пайда көрүп жатышат», — деп түшүндүрдү ал.

Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.

«Эгер акча Орусиядан которулган болсо, алуучуга акча рубль менен, Казакстандан которулган болсо — казак тенгеси менен, эгер башка өлкөдөн которулса, коммерциялык банктын валюталык курсу менен берилиши керек», — деп түшүндүрүшкөн анда Улуттук банктан.

Эл өкүлдөрү бул чектөөлөр кыргызстандык ишкерлерге терс таасирин тийгизгенин айтышууда.

«Бүгүнкү күндө өтө орчундуу маселе, чет мамлекеттен которулган ишкерлердин акчасы, импорт-экспорттун акчалары коммерциялык банктардан болобу, жана башка банктардан болобу, акчаны алып атканда доллар менен келсе доллар берилбей жатат, сомго которулуп берилип атат. Сомго которулганда да, Улуттук банктын курсу менен эмес, өздөрүнүн каалаган бир курсун коюп туруп, анан кийин ишкерлерге берип атат да. Ишкерлер ал акчаны алгандан кийин, сыртка саткан экспорт товарларына өздөрүнүн оюндагыдай бааны ала албай жатат, ошол жерден утулуп калып атат», — деди депутат Дастан Жумабеков.

Улуттук банкта чектөө акча которуу системаларына гана тийиштүү дешти. Эгерде акчаны банктык эсепке которсо, эч кандай тоскоолдук жок. Бирок, абал көрсөтүп тургандай, валютаны эсептен накталай акчага которууда көйгөй келип чыгышы мүмкүн.

Накталай доллар жетишсиз, ал эми курс улам ылдыйлап жатат. Кандайча?

Улуттук банкта валютанын курсу накталай эмес суроо-талаптан көз каранды деп түшүндүрүштү. Ал эми накталай эмес доллардын көлөмү Кыргызстанда көбөйгөндөн көбөйүп баратат — ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, доллардын курсу мындан ары түшүп кетпеш үчүн финасылык жөнгө салуучу мекеме 24-июнда 59 млн доллар сатып алууга мажбур болгон. 2022-жылдын ичинде бул жетинчи интервенция.

Материалдын авторлору: Айдана Сулпуева, Бегимай Ырыскулова, Лев Потапов

Тема боюнча окуңуз:

Борбор азиялык валюталардын санкцияда калган рублдин артынан ээрчишинин себеби эмнеде?